Бакай-Ата айылынын тургундары бизге таштанды тууралуу кайрылышып, таштандыларды айыл башкармалыгы көзөмөлгө алса жакшы болот эле деп билдиришкен. Ал кайрылуунун негизинде Бакай-Ата айыл аймагынын башчысы Мирлан Исабеков менен маек курдук.
— Жакынкы күндө толугу менен чечкенге кадам жасап жатабыз. Азыр таштанды таштаганандарды иретке келтирип, эски таштанды таштаган аңдын талапка жооп бербей турган абалын көрүп, ал аңды жаптырып, азыр жаңы аңды элге таштанды таштоочу жайын ишке киргиздик. Азыркы күндө 20 000 сомдой каражат жумшалды таштандыларды иретке келтирүүгө. Буйруса эл арасында ыңгайсыздыкты жараткан жерлердеги таштантыларды жакын арада тазалап, эл кайра таштанды таштабоо туралуу көрнөк-жарнактарды илебиз.
— Элдер дагы ушул масале боюнча бизге көмөк көрсөтүп, таштандыларды атайын каптарга салып койсо, айыл башкармалыгы тарабынан ташылып кетет элек. Жакынкы арада толугу менен тазаланат деп ишеним берип кетем. Калк дагы таштандыларды таштоочу атайын аңга алып барып таштаса деп кайрылып кетер элем.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
АС