Жайыл районундагы «Жыл мугалими-2016» конкурсунун жеңүүчүсү Гүлмира Абдылдабекова тууралуу айтып бермекчибиз.
Гүлмира Абдылдабекова Суусамыр өрөөнүндөгү Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектепте кыргыз тилинен сабак берет. Андан сырткары ал директордун тарбия иштери боюнча орун басары. Эмгек стажы болсо 14 жыл 6 ай. Үч баланын энеси. Балдар менен иштөө мага өтө кызык, бүт менин жашоом — мектеп жана балдар, дейт ал.
«Мектепте кароо сынакта жеңишке ээ болуп, районго сынакка жиберилдим. Районго керектүү документтерди жөнөнттүм жана ошондой эле «Билим берүү системасындагы көйгөйлөргө менин көз карашым» деген темада доклад жасадым. Тестке даярданып, тесттен өттүм. Андан кийин презентация жасадым да, Новониколаевка мектебинде 10-класска адабият сабагынан «Алыкул Осмоновдун лирикалары» деген темада сабак өттүм», — деп токтолду сынакка чейинки кадамдары тууралуу Абдылдабекова.
Сынак болоору тууралуу буйрук чыккандан бери болгон күч аракетин жумшап, изденгенин айтат. Ага үй-бүлөсү, кесиптештери жардам берип колдоо көрсөткөн.
«Чынын айтсам, өтө берилүү менен даярдандым. Кээ бир аялзатына тиешелүү жумуштар калып калып жатты, бирок жолдошум ага капа болбой мага жардам берди», — деди ал.
«Жыл мугалими» конкурсунун жеңүүчүсү Абдылдабекова Гүлмирага чың ден-соолук, мугалимдик кесиптеги ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Таазим Талдыбекова, Гүлзаада Бейшенбекова, Сабина Кадырбекова
Сынак үчүн