Үй-бүлөнү пландаштыруу балалуу болууну чечкен ар бир түгөйдүн жашоосунун маанилүү аспектиси болуп саналат. Бул качан жана канча балалуу болууну жана аларга кантип кам көрүүнү пландаштырууну камтыган процесс. Бул макалада биз үй бүлөнү пландоонун артыкчылыктарын айтып беребиз.
Үй-бүлөнү пландаштыруу бул:
Жубайлар үй-бүлөсүн пландаштырганда, каржылык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, төрөт акысы, медициналык чыгымдар жана баланы тарбиялоого кеткен чыгымдар сыяктуу маселелерди карап чыгышы мүмкүн. Ошондой эле, алар үй-бүлөнү багуу үчүн канча киреше табышы керек жана зарыл болсо, кошумча киреше менен кантип камсыз кылышы мүмкүн деген сыяктуу киреше маселелерин карап чыгышат.
Каржылык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жубайларга канча балалуу болууну чечүүгө жардам берет. Балалуу болуу жана тарбиялоо — бул көп ресурстарды талап кылган узак процесс жана үй-бүлөнү пландаштыруу жубайларга канча балалуу болууну каалаарын аныктоого жардам берет. Бул аларга каржылык кыйынчылыктардан качууга жана үй-бүлөсү үчүн каржылык туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет.
Жубайлар үй-бүлөсүн пландаштырганда, эненин физикалык жана эмоционалдык абалын, жашын, өнөкөт оорулардын болушун жана башка факторлорду эске алып, кош бойлуулук жана балалуу болуу үчүн эң жакшы учурду эсептей алышат. Бул аялдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудурган каалабаган кош бойлуулуктан сактанууга мүмкүндүк берет жана баланын дени сак жана ийгиликтүү төрөлүшүнө өбөлгө түзөт жана ошондой эле эрте төрөлүү, бойдон түшүү, эрте же салмагы аз ымыркайлардын төрөлүшү, гипертония, кант диабети сыяктуу жана башка оорулардын көбөйүү коркунучун алдын алат.
Үй-бүлөнү пландаштыруу дүйнөдө ымыркайлардын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүнө кирген кош бойлуулуктун жана төрөттүн тез-тез же кечиктирилишинин алдын алат. Энелери төрөттөн каза болгон балдардын да өлүм жана ден соолугунун начарлашы коркунучу жогору.
Жубайлар үй-бүлөсүн пландаштырып жатканда, алар медициналык жана генетикалык тарыхын талкуулап, төрөлө элек баласына кандайдыр бир генетикалык ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар-жогун биле алышат. Эгерде аларда мындай коркунуч бар болсо, анда алар дарыгер менен бул оорулардын балага жугушун алдын алуу жолдорун, мисалы, жасалма уруктандыруу ыкмаларын талкуулай алышат.
Үй-бүлөнү пландаштыруу ата-энелерге балдар үчүн жакшыраак мектептерди жана университеттерди тандоого, экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга жана тарбиялоого, көбүрөөк убакыт бөлүүгө жана билим берүүнүн жогорку стандарттарын коюуга мүмкүндүк берүү менен бирге балдардын билимине таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул балдардын ийгиликтүү карьера түзүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, келечекте алардын жалпы жашоо сапатын жогорулатат.
Уй-бүлөнү пландаштыруу жубайларга каалабаган кош бойлуулук же ылайыксыз убакта балалуу болуу сыяктуу күтүлбөгөн өзгөрүүлөргө байланыштуу ашыкча стресстен жана чыр-чатактардан алыс болууга жардам берет. Жубайлар үй-бүлөсүн пландаштырганда, балдардын саны, балалуу болуу үчүн идеалдуу курак жана башка маанилүү факторлор боюнча каалоолорун жана күтүүлөрүн талкуулай алышат. Бул аларга балалуу болуу чечимине көбүрөөк аң-сезимдүү мамиле жасоого жана ашыкча чыр-чатактардан жана негизсиз стресстен алыс болууга мүмкүндүк берет.
Аборт аялдар үчүн физикалык жана эмоционалдык жактан оор тажрыйба болушу мүмкүн. Жубайлар үй-бүлөсүн пландаштырганда, контрацепциянын эң ылайыктуу ыкмасын талкуулап, тандап алышы мүмкүн, бул каалабаган кош бойлуулуктун алдын алууга жана бойдон алдырбоого жардам берет.
Үй-бүлөнү пландаштыруу жубайларга контрацепциянын эң ылайыктуу ыкмасын тандап, медициналык көйгөйлөрдү талкуулоого жана кош бойлуулуктун оптималдуу мезгилин аныктоого мүмкүндүк берет, бул каалабаган кош бойлуулук жана бойдон алдыруу коркунучун азайтууга жардам берет.
Жыйынтыктап айтканда үй-бүлөнү пландаштыруу жубайларга энеликке жана аталыкка даярданууга, төрөлө элек баланын ден-соолугун камсыз кылууга жана алардын эмоционалдык жана каржылык жыргалчылыгын камсыз кылууга жардам берүү жубайларга көбүрөөк маалыматтуу чечим кабыл алууга жана бактылуу, дени сак үй-бүлө курууга мүмкүндүк берет.
Кожонова Аймончок