Гендердик өкүлчүлүк боюнча мыйзамдардын бардык талаптарына карабастан, Кыргызстанда аялдардын саясатка аралашуусу өтө төмөн бойдон калууда. Бул, биринчиден, эркектер менен аялдардын улуттук да, жергиликтүү деңгээлде да саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн теңсиздигин көрсөтөт
Азыркы күндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча Тогуз-Торо районунда 49 мекеме бар болсо, ошолордун ичинен 9 гана аял жетекчи болуп эмгектенет.
Кара-Суу айылынын тургуну Бурулсун Эрмекова 41 жашта.Билими жогорку. Төрт уул, 1кызды тарбиялап өстүргөн.15жылдан ашуун Сары-Булуң айыл өкмөтүндө эмгектенип келет.Учурда кызмат ордунан көтөрүлүп, айыл өкмөтүнүн орун басары болуп иштеп жатат. Мамлекеттик кызматын аркалап калышына өмүрлүк жолдошу Алтынбектин колдосу зор экенин кубануу менен билдирди
Толугураак, аудиодон кенен угуңуз: