12- сентябрь күнү Бакай-Ата айылынын тургундары түз эфирде жөлөк пулдар тууралуу маалымат угушту. Программанын каарманы Асель Бектурсунова 2 баласына тең сүйүнчү алып, бирок пособия бөлүнбөй калганы жөнүндө айтып берди. Программанын жүрүшүндө эксперттер энелерге тийиштүү жөлөк пулдар тууралуу кененирек маалымат айтышты. Андан тышкары керектелүүчү кагаздар тууралуу жана кандай шарттарда жөлөк пулдар берилерин айтты.
Эскерте кетсек эфир «Демократия сааты» долбоорунун алкагында өтүп жатат.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова