№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тилинин 29 жылдыгына карата «Кыргыз тилин спорт менен айкалыштырып өнүктүрөбүз» деген ураандын астында спорттук эстафета оюну өткөрүлдү.
Бул оюндун жүрүшүндө 9-10-11-класстын окуучуларынан 3 топ:
«Эне тил» «Улуу тил» «Улутту улут кылган тил» таймалары түзүлүп, желекти кармап чуркап келип тайпалашына макал-лакап айтып өткөрүп берүү, аркан тартыш, топ менен чуркоо тапшырмаларын аткарышып, ошол эле оюн учурунда кыргыз тили тууралуу түзүлгөн суроолорго жооп берип жатышты.
Жыйынтыгында «Улутту улут кылган тил» тобу женишке жетишип 1- даражадагы диплом менен сыйланышты. Бул тууралуу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Нурзат Аманканова билдирди.
Кыргыз тилинин кабыл алынгандыгына 29 жыл толгондугуна карата мектептеги иш-чаралар декабрь айына чейин улантылат.
Даярдаган: Азем Маратова