Cумбулада 2019-жылдын 9-октябрында “Энеликти жана балалыкты коргоо” боюнча профилактикалык иш чара өттү.
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жана Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, Сумбула айыл өкмөтүнүн демилгеси астында уюштурулган “Энеликти жана балалыкты коргоо” акциясы аймактагы Андарак, Искра, Сары-Дөбө, Көк-таш айылдарында өткөрүлүп, кыз-келиндер арасында аялдардын жана жаш балдардын ден-соолугун сактоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, даректүү тасмалар көрсөтүлдү.
Бул иш чара боюнча Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясынын орун басары Марапат Ташболотова төмөнкүлөрдү айтты:
“Бүгүнкү кундө өткөрүп жаткан иш- чарабыз балдардын жана энелердин ден-соолугуна кам көрүп жугуштуу оорулардын алдын- алуу боюнча энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш чарада өздүк гигиенаны сактоо оорунун алдын- алуу максатында дарыгерлерден өз убагында текшерүүдөн өтүп туруу эскертилди”.
Сумбула айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрөайымы Уулман Каразакова мындай деди:
“Айылыбызда ушул сыяктуу иш чаралар өтүп турса, келечек муундарыбыздын ден-соолугу чың жана энелерибиздин арасында жугуштуу оорулар азаймак”.
Бул иш чарага Сумбула айылынын тургундары жана жогорку класстын окуучу кыздары катышты.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков