Тогуз ай түйшөлүп боюна көтөргөн наристенин эрезеге жеткенге чейинки түйшүгү эненин мойнунда. Ал гана эмес, ата-эне болуп калган балдарынан да санаасы тынчыбаган апалар алар үчүн бардыгына даяр. Ар бир баланын ден соолугун, өмүрүн, бактысын, аманчылыгын тилеп, басса-турса Кудайга жалынган да энелер.
Бүгүнкү күндө аялдар көбүнчө убактым жок, үй оокатым, неберем, чөбөрөм, балам жакшы жашап, бутуна туруп алсын деген ой менен өздөрүнүн ден соолугун экинчи орунга коюп келет. “ Врачтарга да көп көрүмбөйм”, — дейт айыл тургуну Чынара Барктабасова”.
Жок көп деле барбайм.Үйдө бала чакадан бошобойм.Жумушка келем.Ден-соолугум жакшы эле азырынча.Аябай ооруганда эле барбасам.Көп деле барбайм.
Ошол эле айылдын тургуну Тамара Курманалиева озунун ден-соолугуна аябай кам көрөт. Врачтын айткандарын аткарат.Убагында дарыланып турат.
“ Лечение менен жүрөм.Райондук ооруканага жатам.Дагы кичине турам, дагы эле болбой ден-соолугум көбөйүп баратса анда Бишкекке чейин барып, леченияны алып, бүт текшерүүдөн өткөнгө аракет кылам.Өзүмдүн ден-соолугума кам көргөнгө түздөн-түз, оокатым, бала чакам калды дебейм мен ден-соолугума аябай жакшы карайм”.
Мед айымдын айтымында азыркы учурда биздин айылда кездешип атат.Ден-соолугу начарлап, оорусу күчөгөндө гана кайрылышып жатышат. Дарылаганга мүмкүнчүлүк бар.Бирок, кечиктирип келип жатышат.Эң биринчи туура багыт, бул ден-соолугун ойлогон адам.Баланын ден-соолугу, эненин ден соолугуна көз каранды деп кабатыр Кара-Суу айылынын мед айымы Бектур кызы Гүлбара: “Азыр энелердин ден-соолугу начарлап, өздөрүн карабай жаткан учур. Азыр эненин ден-соолугу болбосо балдарды караганга мүмкүнчүлүк болбой калат.Анткени деген балдарга да көңүл бөлүп, төрөгөн бала дагы, эненин ден-соолугу болбосо төрөлгөн бала дагы ден-соолугу жок төрөлөт”
Ден-соолугуңуз жакшы болсо, үй-бүлөң да жайында, балдарын жанында.эгер,өзүбүздү карасак, балдарыбыздын көнүлдөру ачык болот, апабыз жакшы деп, ойлору да жакшы болот. Мамлекеттик медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондусунун врач эксперти Лилия Сариева оюн төмөндөгүчө билдирди:
“ Ден-соолугуңарды карагыла.Чынын айтканда биринчи байлык ден-соолук.Оору деген абдан жаман да өзгөчө өзүңор деле билесиңер эмне болот деги жакшы болуп кетсе экен деп ойлонуп атып, балдарыңар да ооруйт да. Ошого жеткизбей, өзүнөрдүн ден-соолугуңарды чыңдап, өзүңөрдү карап, дарыларды ичип жүрө бериңиздер”
Ар бир адам аракет кылып, өзүмдү жакшы алып жүрөйүн. Ден соолукта болойун деп өзүбүзгө кам көрсөк. Бекем ден-соолук ар бир адамдын негизги байлыгы.
Даярдаган: Анара Мааметова