Сокулук районунун Жаны-Жер айылында жайгашкан № 43 Кесиптик лицейде энтомофаг өстүрүү лабараториясы ачылды. Лабараторияда биология сабагынын мугалими Дүйшөмбиева Сүйүн өсүмдүктөрдөгү зыянкечтерге каршы күрөшүүгө энтомофагды көбөйтүү жолдорун окуучуларга үйрөтүүдө жана лицейде өстүрүлүп жаткан өсүмдүктөктөрдөгү зыянечтерге каршы колдонууда. Мындай дарылоо дыйкандардын көйгөйү болгон эгинди зыянкечтерден сактап калууга мүмкүндүк берет.
Энтомофаг — курт кумурскаларды жок кылуучу чиркей түрү. Ал биолабораторияда атайын жүгөрүнүн зыянкечтери менен азыктанганга ыңгайлаштырылып өстүрүлөт. Бул энтомофаг «Алтын Көз» деп аталып, 1-2 күн ичинде жетилип зыянкечтерди жеп баштаганга ыңгайлашкан. Июн айынан баштап трихограмма энтомофагы, түшүм жалбырагынын артындагы зыянкечтин тукумуна коюлат. Ал эми, курт- кумурскалар жетилип 1 см чейин өсүп калган болсо, июль айынын орто ченине чейин габробракон энтомофагы колдонулат.
Cүйүн Дүйшөмбиева:
«Энтомофаг-“Алтын Көз” булар өсүмдүктөрдө пайда болгон зыянкечтерди жеп жоготушат. Энтомокфакты көбөйтүш үчүн тамактануусу керек. Эн алгач жумурткаларын тамактандырыш үчүн 9 күн дистирленген суу андан кийин куурчакчаларын тамактандырыш учун 9 күн дистирленген суу, бал берилет. Андан кийин Алтын Көздөр канаттарын байлап учуп чыгаарда 50 грамм бал , 200 грамм суу, 1 үй шартында багылган тооктун жумурткасынын сарысын кошуп суюктук аралашма менен тамактандыра баштайбыз. Алтын Көз толук жетилген соң өсүмдүктөргө кое беребиз.
Быйыл ным көп болгонуна байланыштуу курттар да көп болууда. Аларды жок кылуу үчүн химиялык заттарды чачып жатышат. Аларды колдонбой, түшүмдүүлүгүн кантип жогорулатам деген маселе келип чыгат. Ушул мезгилде энтомофаг жардам берет. Көпөлөк, жөргөмүш, шире сыяктуу зыянкечтердин жумурткасын же өзүн жей турган алтын көз, габробракон, ылдый көч-өйдө көчтөрдү энтомофаг катары колдонуу жакшы. Органикалык жол менен күрөшүү натыйжалуу экенин дыйкандар айтууда. Бул ыкманы жалпы дыйкандар колго алып, жайылтуу зарыл.
Турсун Омуралиева