Жаңы-Жер айылы боюнча быйылкы жылы жайкы лагерге 10 өспүрүм жөнөтүлдү. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим, томолой жетимдер. Алардын 10 күндүк баасы бери дегенде эле ар бир балага 7200 сом болот. Ошондой эле, аз камсыз болгон жана жетим балдар кандай эс алууда? Анда эмесе, жеткинчектердин жайкы лагерлери тууралуу маалыматты сунуштайбыз.
Чүрөк Бургеева Асанкуловна, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси:
“Биздин айыл өкмөттө катоодо турган 10 томолой жетим бала, 159 ДМЧА (ЛОВЗ), 25 атасынан же энесинен ажыраган балдар, 37 мигранттардын балдары жана андан сырткары 5 турмуш жарты оор үй-бүлөнүн балдары(ТЖС) бар. Бул балдар үчүн ар жылы Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармачылыгы тарабынан жайкы лагерге балдарды эс алдыруу уюштурулат.
Томолой жетим балдар жылына барышат, ал эми калган категориядагы балдар жылына алмашып турат. Балдар Ысык-Көлдөгү “Маяк” балдар лагеринде эс алышат. Быйылкы жылы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн бюджетинен жардамга муктаж же каражаты жетпеген үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ар бир балага жол киреси менен чогуу 7900 сомдон акча бөлүндү”.
«Маяк» лагеринин тарбиячысы Гиоргий Викторович:
«Бул лагерде мен тарбиячы болуп иштеймин. Учурда 400 бала эс алууда. Бул балдардын жакшы эс алуусу, көңүлдүү маанайы, сапаттуу тамак ашы, чың ден-соолугу үчүн биз болгон аракетибизди жумшап иштейбиз. Лагерде баардык кызматчылар жетиштүү. Атайын балдар психологу, медперсоналы, тарбиячысы, күзөтчүлөру, ашпозчулары толук штатта иштешет».
Жайында көл жээгинде эс алууга не жетсин. Балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурушуп, жакшы эс алууга шарт түзүү үчүн тарбиячылар күн түнү иштешүүдө. Ар бир балага коопсуздук шарттары түшүндүрүлүп, күзөт кызматы балдардын коопсуздугун көзөмөлдөшөт.
Айдана Шарыпжанова