Эрте нике жана анын ден-соолукка зыянын окуучуларга жеткирүү максатында Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде тегерек стол болуп өттү. Бул тегерек столду Нарын РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Батырбек кызы Бурул социалдык кызматкерлер менен биргеликте өткөрдү.
Анда Батырбек кызы Бурул буларды айтты: «Айрым маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда акыркы мезгилдерде 15 жашка толук чыкпастан турмушка чыгууга мажбур болгон кыздардын саны 6 миңден ашат экен, ал эми 18 жашка толук чыкпастан турмуш курууга мажбур болгон кыздардын саны 160 миңден ашат экен. Ошондуктан, биз келечек муундарга кайдыгер карабашыбыз керек. Окуучулар арасында турмуш куруу жөнүндө маалыматтарды беришибиз керек. Анткени, медициналык жактан алып караганда, эрте турмуш куруу ден-соолукка өтө зыян. Биринчиден, жаш өспүрүм эненин организми толук жетиле элек болот. Экинчиден, жыныстык органдары толук жетилбеген болот. Үчүнчүдөн, өспүрүм кыз психикалык жактан төрөткө даяр эмес болот экен».
Тегерек столдун жүрүшүндө окуучулар ар кандай суроолорду узатып, кызыктуу маек курулду.
Даярдаган: Мамытбекова Гулбарчын