Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.
Аталган кабарчылар Эшбай атаны өмүр жолун жанан чыгармачылыгын, эмне себептен мектептин наамын алагандыгын, кандай эмгектерди жасагандыгын тартып кетишкен.
КТРК нын журналисттерине Эшбай Токсобаевди тартууну анын балдары сунуш кылып чакыртышкан. Бул тууралуу Эшбай атанын кичүү баласы Жээнкул Эшбаев мындайча билдирди:
«КТРК каналы 2017-жылы «Тарых, маданият жана ыйман» жылына карата менин атамды өмүр баянын тарканга өзүбүз сунуштаганбыз. Бул ишти минутасына жараша төлөнөт экен. Биз акча каражаттын көп кошуп, жарым сааттык көркөм фильм кылып тарттырдык. Атам бош убактысында бизге «Манас» китептерди окуп, анан бизди тарбиялачы,»-деди Жээнкул Эшбаев.
Мектепте директордун орун басары Нурсултан Асанбеков Эшбай Токсобаевди Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» деген чыгармасындагы Дүйшөн агайга окшоштурсак болот деген пикирин билдирди:
«Биздин мектебибиздин наамын алган Эшбай Токсобаев атабыз Чынгыз Айтматовдун чыгармасы сыяктуу Эшбай атабызды Дүйшөн агайга окшоштурсак болот. Эң биринчи алдынкы мугалимдердин бири. Алыскы жердеги Ташкентке чейин барып окуп келген адам. Көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Мисал үчүн СССРден көп сыйлыктарды алган, 1899-жылы төрөлгөн жана Медреседе мурун сабатсыздыкты жойгон билимдүү адамдардын бири болгон, кыйынчылыкка карабай окуп келген.
Эшбай Токсобаев атабыздын өмүр баяны анын эмгеги, эмне себептен мектептин наамы берилген, анын кандай сыйлыгы бар, ал кандай эмгектерди жасаган, балдарды кандай тарбиялаган, ошол нерсенин баарын тартып кетти. Маданият каналынан жана КТРК каналынан көрсөттү.
Аны өзүнүн Эшбай атабыздын сегиз баласы баласы бар ошол балдары сунуштаган. Балдарынын баары билимдүү, баардыгы жогорку окуу жайларда окушкан, азыр жакшы жерлерде иштешет. Өздөрүнүн эмгегин башкаларга тартуулап келет,»-деди ал.
Даярдагандар: Адинай Талантбекова, Асел Назбек кызы, Калыс Төрөгелди уулу