Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.

«Буга чейин мектепте иштеп келе жаткан ар кандай ийримдер бар болгону менен менталдык арифметика ийриминин иштегени 3 ай гана болду. Ийримди ачуу үчүн контрактын негизинде “Академия роста” мектебинен менталдык арифметика боюнча атайын окуудан 2 мугалим окуп келип, учурда иштеп жатабыз»- дейт Гулнур Солтобаева.

Олимпиаданы өткөрүү үчун Жумгалдан келген калыс Жылдыз Исраилова буларга токтолду:

«Олимпиада 3 тур менен өтөт. 1-тур абакус, 2-тур карточка, 3-тур мээ менен (элестетүү) эсептерди чыгарышат».
Катышуучулардын жаш курагы 2-класстан 7-класска чейинки окуучулар болгондуктан, чоңдору утуп кетпейби деген сурообузга мындай жооп берди:
«Бул жаш куракка карабайт. Негизи эле адамдар оң кол менен иштешкендиктен оң мээ гана иштейт экен. Ал эми 2 кол менен бирдей иштөө сол мээни кошо иштетет. Мында тактык жана ылдамдык бааланат. Жалгыз гана математикага жардам бербестен, баланын ой жүгүртүүсүн, бат кабыл алуусун ойготот. Ийримге жалаң гана жакшы окуган окуучуларды албастан, сабактан жетишпеген окуучулар менен иштесе да жакшы жыйынтык берет».

Жогоруда айтылгандай биринчи орунду тайпанын эң кенжеси, 2 –класстын окуучусу Кутман Иманкулов, 2- орунду Актан Мамбетказы уулу жана 3- орунду Бекарстан Орозакунов алышты.

«Бул алгачкы гана олимпиада. Бүгүн окуучулар 4 орундуу санга чейинки сандарды алып кошушту. Кийинки турларында көбөйтүү, бөлүү кошулат. Алар дагы жогоруда айтылгандай 3 тур менен өтөт. Аз гана убакыттын ичинде мындай көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучуларга жана мугалимдерине рахмат. Анан мектепке ыраазычылык билгизет элем ата-энелерге, окуучуларга жана мугалимдерге шарт түзүп окууну уюштуруп бергендигине» — дейт Жылдыз Исмаилова.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева