Биз сыймыктанган ардактуу согуштун ардагерлеринин кылган эрдигинин элеси эсте калыш үчүн Жал айылында Улуу Жеништин урматына арналган эстелик 2005- жылы тургузулган. Ар дайым айыл тургундары эстелиrке аяр мамиле жасашат жана мектеп окуучулары тегерегин тазалап турушат. Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн мурдагы айыл өкмөтү: Салмоорбек Бейшеналиевичке кайрылып маалымат алдык.
Улуу Жеништин 55 жылдыгында айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Эне уулун күтүп жатат» деген мааниде эстелик тургузганбыз, эстелик элдин купулуна толбой калып, анын үстүнө биздин айылдан канча жоокер согушка аттанганынын, аты жөндөрүнүн так маалыматтары жок болчу, ошондуктан эстеликти бузууга туура келди. Кийин Жеништин 60 жылдыгында эл менен жаңы эстелик тургузууну чечтик, эстеликтин курулушуна сарптала турган каражатты өз чөнтөгүмдөн чыгардым айыл тургундарынан дагы кошумча жардам болду. Согушка кеткен жоокерлердин аты жөнүн айыл аксакалдарынан сурап ташка тизмеси чегилген символдук ушул эстелик тургузулган.
Азыркы айыл өкмөтү Бейшенова Аида 2016-жылы эстеликти кошумча жаңылоо киргизебиз деп билдирүүдө дейт, Салмоорбек Бейшеналиевич
Кубанычбек уулу Азамат, Аптабалиева Зинат.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка