Баетов айыл аймагында Германия кызматташтык уюмунун финансылык жана “Айыл демилгеси” коомдук бирикмесинин техникалык колдоосу менен “Биз айылды бирге тазалайбыз” долбоорунун алкагында маалымат компаниясы өтүүдө. Аталган иш чараны “Тун-Ук” коомдук фондусу ишке ашырып, учурда ыктыярчылар айылдагы ар бир үйгө маалымат баракчаларын таратып, түшүндүрүү иштери жүргузүшүүдө. Маалымат баракчаларында таштандыны үй шартында сорттоо, аны атайын жайга төгүү, төлөм каражаттары тууралуу маалыматтар камтылган.
“Баетов айыл аймагында 18 квартал бар. Ошолордун баарын кыдырып, айтып, түшүндүрөбүз. Ошондой эле мекеме-ишканаларга да маалымат баракчаларын чаптап, кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Биз барган үйлөрдүн жашоочулары бул саамалыкты жакшы кабыл алышып, кол кабыш кылабыз дешти”-дейт фонддун ыктыярчылары.
Даярдаган: Б.Мамытбекова