Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде жайгашкан этноботаникалык бакчада тосмолор орнотулат. Тосмону «Жаш натуралист» ийриминин мүчөлөрү өз колдору менен табигый материалдардан жасап жатышат.
Тосмо этноботаникалык бакчаны үй жаныбарларынан жана жаш балдардан коргоо максатында орнотулат. Этноботаникалык бакчада 30 жакын дары чөптөр тигилген.

«Жаш натуралист» ийриминин мүчөсү Жоомарт Коргомбаев бул ойду убагында «Аманат-Өмүр» коомдук фондунун жетекчиси Жанар Алгожоева жана ИСУР коомдук фондунун кеӊешчиси Кубаныч Тагаевге айтканын белгиледи.

«Өзүм гана эмес классташтарым да жардам берип атышат. Кыздар да, балдар да бирдей иштеп атабыз. Тосмонун тактайларын аралап, сыртын аарчып, лак менен сырдадык. Акча каражаты да көп кетпейт экен», — дейт Жоомарт.

«Менин бул оюмду колдогондору кубандырып турат. Ишибиз ийгиликтүү аяктайт деп ойлойм», — дейт Жоомарт.
Окуучулардын өз колдору менен жасалып аткан тосмо этноботаникалык бакчанын көркүн ачып дары чөптөрдүн өсүшүн жакшыртат.
Даярдаган: Ислам Мирлан уулу.