Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2014-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын алкагында окуучуларды айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө үйрөтүү максатында мектепте “окуу тажырыйба участкасы” уюшулду.
“Мектептин көмөкчү чарбасын түзүү жана өнүктүрүү” долбоорунун алкагында мектепте “окуу тажырыйба участкасын” уюштуруу боюнча көптөгөн иштер аткарылып жатат.
Мектептин директору Арзыгүл Шеримбекованын айтуусунда, окуу тажырыйба участкасынын жалпы аянты 0.25 гектар жерди ээлейт жана ал жерди өздөшүрүүнүн максаты — окуучуларга агротехникалык билим берүү.
Аты аталган мектептин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Адилет Бейшеналиев, окуу тажырыйба участкасын уюштурууга БУУдан мөмө-жемиштерге урук, жана көчөттөрдү алууга жалпы 10 миң сомдук каражат бөлүнүп берилгенин бизге билдирди.

Бул долбоорорду ишке ашырууга окуучулар да салым кошушту. Алардын бири Айганыш Адил кызы бизге төмөнкүлөрдү белгиледи.
«Биз алма көчөттөрдү отургузуп, ар бирибиз көчөттөрдү бөлүп алдык жана аларды өзүбүз багып чоңойтобуз. Бул алмаларды кийин биз өсүтрдүк эле деп 10 жылдыкка келгенде сыймык менен балдарыбыга айтабыз», — деди ал.

Ал эми бактарды, жер-жемиштерди өстүрүп, алардын өсүшүнө жооптуу биолог мугалими Мурат Сыдыков төмөнкүлөрду айтты.

”Мен Нарын шаарында төрт күн атайын адистерден мөмө жемиштерди туура отургузуп өстүрүү боюнча окуп келдим, азыр үйрөнгөнүмдү окуучуларга тажрыйба жүзүндө көрсөтүүдөмүн”, — дейт Мурат Сыдыков.
Бул долбоор мектеп ашканасынын да, тамагынын ар түрдүүлүгүн камсыз кылат. Себеби ал жакка картошка, кызылча, сабиз, малина, карагат, алма бак сыяктуу көптөгөн жемиштер айдалган.

Быйылкы жылы мектеп жамааты көмөкчү чарбадан 27 миң сом акча бөлүп, мектеп бакчасына “Жашыл класс” уюштурууну пландап жаткан кези.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактор: Найзабек Муканбет уулу
Сынак үчүн