Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы «Алыкул Осмонов» балдар бакчасында орундар жетишсиз. Бакчада негизинен 60 бала тарбияланат, чоң жана кичине тайпа болуп экиге бөлүнөт.
Чеч-Дөбө айылы боюнча бир бала бакча бар. Айылдын четинде жашаган балдар алыстыгына карабастан бакчага келишет. Айрымдары күнүнө жок дегенде төрт чакырым жолду басып өтүшөт.

Бакчанын директору Сабира Дуванаеванын айтымында, балдар билим алган уя жакшы деңгээлде курулуп, керектүү шарттар бар.
«Баары эле жетиштүү, орундардын эле жетишсиздиги болбосо. Өкмөт жана башчы министирлерге кайрылат элек айылыбызга дагы бир бакча салып берсин деп. Ошондой болсо алыстан келген балдар да кыйналбайт беле», — дейт Дуванаева.


Балдар бакчасы жуманын беш күнү саат 9дан кечки 5ке чейин кызмат көрсөтөт. Балдарга үч маал тамак берилет.

Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн