Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Айназик» чеберканасы ишке кирди. Цех айыл тургундарына керектелген буюмдарын тигип берет.
Цехте көйнөк, форма жана төшөктөрдү тигишет. Материалдарын буйрутмачылар өздөрү алып келишет, же болбосо ишканадагылар өздөрү алган учурлар да болот.

Бир тошокту тигүү акысы 100 сом. Ал эми көйнөк, формалар өз сапаттарына жараша. Мындан сырткары пардаларын да тигишет.

Тигүүчү Жыпар Абдырахманова цехтин ачылганына өзүбүз кубанып жатабыз, анткени элге кызмат кылуу мен үчүн сыймык дейт.

Кардары Айгул Капарованын айтымында, цехте баары өз баасына жараша сапаты менен тигилет. «Мен да кызыма сеп берүү үчүн ушул жакка заказ бергем, баарын оюмдагыдай тигиптир», — дейт Капарова.

Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн