Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Манас, Семетей жана Сейтек уюмдарына мүчө болушту. Ага 2-класстан баштап 8-класска чейинки окуучулар катышты.
Аталган класстардын окуучулары мугалимдер жана окуучулардын алдында убадаларын беришип жагоо тагышты. Алар мекенди коргоо жана жакшы жүрүүгө убада беришти.
Окуучу Айке Садирали кызы «Биз убада бердик, убадабызга турабыз. Ар дайым мекен үчүн жаныбыз курман» дейт өз сөзүндө.
Мугалимдер окуучулардын берген убадаларында турушуна ишенишээрин айтты.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн