Ушул жылдын апрель айынан баштап Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде тогуз коргоол боюнча 20-майына чейин мектеп арасында өтө турчу чоң мелдешке тандоо оюндары башталган. Бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулардын көптүгүнөн оюндар азыркы убакка чейин уланууда.
Тогуз коргоол оюну мектепте алгач февраль айында уюшулган. Оюнду окуучуларга үйрөтүү жана жайылтуу максатында тарых мугалими Нурсултан Асанбеков өзү демилгелеп өткөрүүдө.
Оюнга 5-9-класстын окуучулары катышууда жана азыр оюндун бул түрүнө кызыккандар арбын.
«Мен азыркы убакта оюндун шартын билбеген окуучуларга оюндун жүрүшүн үйрөтүп, аларды тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдөмүн. Менин негизги максатым — кыргыздын улуттук оюну болгон тогуз коргоолду унутта калтырбай өркүндөтүү болуп саналат», -дейт Асанбеков.
Ал эми бул оюндун түрүн жаңы гана үйрөнүп келе жаткан 5-класстын окуучусу Айтеңир Жеңишбек уулу бардык каршылаштарын жеңип алган.
“Азыр 5-класстардын арасында өтүп жаткан тандоо оюндарында баардык каршылаштарымды жеңдим. Кийин мындан дагы чоңураак мелдештерге катышып жеңүүчү болууну каалайм”, — дейт Айтенир.
Бул оюндун түрүнө кызыгып келген 5-класстын окуучусу Аалы Мааданов тогуз коргоолду апрель айында үйрөнгөн.
“Мен 20-майда өтө турчу мелдешке жолдомо алганга бардык аракетимди жумшайм жана оюнду мындан дагы тереңдетип үйрөнөм”, -деген ишеничте жаш тогуз коргоолчу Аалы.
Учурда Нурсултан Асанбеков бул оюндун түрү боюнча шакирттерди өстүрүп тарбиялоодо. Алардын арасында тандоо оюндарын катары менен жеңип келе жаткандар да бар.
20-майда аталган мектепте класстар арасында жогорку деңгээлдеги оюндар башталмакчы. Бул оюнга тандоо турларынан жеңген гана окуучулар катыша алат.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн