Клооптун журналистика мектебинен окуп келген тренер Бегимай Бекмурат кызы Нарын районунун Сары-Ой айылына барып, онлайн журналистика жана сүрөт баян даярдоо боюнча сабак өттү. Сабакка 20 окуучу катышты.
Алар жаңылыктарын жазышып, Учкун жамааттык мультимедиа борборуна жөнөтүшөт. Сайтка чыккан материалдары смартфон үчүн сынакка катышат. Коомдук тармактарда эң көп добуш топтогон катышуучу смартфонго ээ болот. Добуштар «класс», же «жактыруу», «пикир билдирип», «бөлүшүүлөрдүн» саны менен аныкталат.
Тренер Бегимай Бекмурат кызы сабактын өтүлгөнү туурасында баян кылып берди. «Мен башында баратканда бир аз коркуп жаттым. Бирок сабак башталганда окуучулар менен бат эле тил табышып алдым. Аларга сабагым жакканын белгилеп өтүштү. Мен алар менен дайыма байланышып, дагы жаңылыктарды көп жаздырып турам», — дейт ал.
Сабакта слайд менен презентациялар көрсөтүлүп, аларга фотоаппарат, диктофон жана видеокамера менен иштегенди үйрөттү. Сабактын аягында окуучуларды топторго бөлүштүрүп, жаңылык жаздырып сайка да чыгарганга жетишишти.
Бул туурасында Сары-Ой айылынын окуучусу Аскат Канай уулу төмөнкүлөрдү айтып өттү.
«Мага бүгүнкү тренинг абдан жакты. Себеби Учкундан ушундай тренер келип, биз билбеген нерселерди үйрөндүк. Бизге ушундай тренинг журналистика боюнча биринчи жолу өтүлүп жатат. Мындан ары да алар менен мамилебизди үзбөй дайыма байланышта болсок жакшы болмок, алар менен иштешкен абдан жакты», — деди Аскат.
Эми бир жумадан соң Сары-Ой айылынын окуучулары алган билимдерин тереңдетүү максатында Учкунга келишип жаңылык жазып кетишет.
Даярдаган: Айдана Алмазбек кызы
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн