Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден-соолукту чыңдоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталган болсо, 25-майга чейин бүтүп калаарын айтышат алар.
Спроттук аянтты салуу аракети 15-апрелде башталган. Бул демилгенин уюштуручусу Арстанбек Султанов. Алар мектепти бүтүргөнүнө 10 жыл болгонуна байланыштуу айылына спорттук аянт куруп берүүнү чечишкен.

«Бул ишти баштаганыбызга бир ай болду. Учурда сегиз адам иштеп жатабыз. Тамак-аш жагын айыл эли каржылап жатат», — деди Султанов.

Айыл тургундары спорттук аянтчанын курулуп жатканын колдоп колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатканын айтыштат.

«Бул балдар жакшы иш кылып жаткандыгына байланыштуу көчөнүн келиндери тамак жасап келгенбиз. Бул балдар үчүн, эл үчүн жакшы иш баштап жатышыптыр», — дейт айыл тургуну Сапарбубу Боталиева.
Мектепти бүтүргөнүнө он жыл болгон айылдын дагы бир тургуну Самаган Сейитбеков спорттук аянтчаны куруу менен жаштардын спортко болгон кызыгуусу мындан дагы күчөйт деп эсептейт.

«Ушул бир айдын ичинде кеткен каражат 318 миң сомду түздү. Эми дагы буюрса дорожка алып келебиз. Айыл эли бизге 130 миң сом бөлүп беришкен. Калган акча өзүбүздүн атыбыздан чыгардык», — деди Сейитбеков.

Бул спортук аянтчаны сегиз адам куруп жатат. Бирок иштин батыраак бүтүшү үчүн дагы жумушчулар тартылса жакшы болмок дешет алар.
Автор: Таттыгүл Туратбек кызы, Албина Мелис кызы
Редактор: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн