Куланак айылында13-май күнү биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо, Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.
Нарын райондук администрациясынын буйругу менен коңшу айылдарда ыр кеселер өткөрүлүүдө. Коңшу Сары-Ой жана Достук айыл өкмөттөрүндө буга чейин бул иш чара болуп өткөн жана кезек Учкун айыл өкмөтунө берилген эле. Учкун Айыл өкмөтү эки айылдан тургандыктан 12-13-май күндөрү эки айылын элине ыр кесе коюлду.

Ыр кесенин уюштуруучусу Тамара Жумакаева атындагы маданият үйүнүн директору Ааза Тилекматова айылда катылып жаткан таланттардын көп экенине басым жасады.

«Азыр айылыбызда катылып жаткан таланттар абдан көп жана аларды эл алдына чыгаруу максатында ушул иш чараны өткөрдүк», — дейт Тилекматова.

Ал эми ыр кесенин эн кенже катышуучусу 9-класстын окуучусу Рахат Маратбек уулу болду.

«Мен ыр кесеге эки эле күн даярданып, эл алдында өз талантымды тартууладым, келечекте Бек Борбиевдей ырчы болууну каалайм»,-дейт.
Ыр кесеге айыл таланттары бир жума даярдык көрүшкөн. Бул иш чара «Тарых жана маданият жылына карата» өткөрүлүүдө. Эми ыр кесе кезегин Учкун айыл өкмөтү Эмгек Талаанын таланттарына өткөрүп берди.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн