Кыргызстандык Чолпон Абдыжапарова Фейсбук компаниясына инженер кызматына ишке кирди. Бизге берген маегинде Чолпон өз кесибин көпкө издеп, медицина жана финансы тармагында да окуп көргөнүн билдирди.

Чолпон Абдыжапарова Фейсбук компаниясына инженер кызматына ишке кирди.
— Чолпон саламатсызбы? Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
— Азыр Америкалык Open Health Network компаниясында Backend Engineer болуп иштейм. Бул компанияда мен аралыктан, тактап айтканда Бишкектен эле иштейм. Ал эми жакында Facebook компаниясында Partner Engineer болуп иштей баштайм. Стамбулда Озйегин Университетинде окугам. Ага чейин Чокталда түрк лицейинде билим алгам. Өзүм Ысык-Көлдүн Саруу айылынан болом.
— Сиздин фесбук компаниясына кызматка орношконуңуз кубанычтуу жаңылыктардын бири болду. Дүйнөлүк ири компанияда эмегктенген Кыргызстандык кыздар саналуу болсо керек. Ишке кантип орноштуңуз?
— Ооба, фейсбук компаниясына ишке кирген кыргызстандыктарды караштырып көрдүк. Менин маалыматым боюнча, бул компанияда менеждер, аналитик болуп иштеген кыргызстандык кыздар бар. Бирок, инженер кыздар жок окшойт. Ошондуктан, мен алгачкы инженер кыргыз кызы болушум мүмкүн. Фейсбукка биздин мекендешибиз Тилек Мамутовдун Outtalent компаниясы аркылуу өттүм. Бир жылдын тегерегинде даярдык көрдүм. Бир канча этаптан турган интервьюдан өткөндөн кийин жумушка сунуш түштү. Outtalent компаниясынын алкагында ар жумада онлайн кезигип, өткөн аптанын отчетун берип, келе жаткан жума үчүн план түзчүбүз. Кыргызстандан башка, Казакстан, Беларусь, Россия, Украина жана башка өлкөлөрдөн да катышуучулар болду. Алар менен ар жумага минималдуу 20 саатка план түзүп, бирге иштечүбүз. Жыйынтыгында, анализ кылып көрсөм даярдык үчүн менин 1000 сааттан ашык убактым кетиптир.
— Фейсбук компаниясына жумушка өтүү оор бекен?
— Негизи, жеңил эмес. Бирок, оор дагы эмес. Болгону даярдык керек. Мен биринчи жолу эле тапшырганда эле өтүп кеттим.

Абдыжапарова: Окуу учурунда уйкусуз күндөрүм көп болду. Ал учурда мен кафе, клуб жана жигит менен сүйлөшүү деген нерселерге эч убакыт бөлчү эмесмин.
— Программалоо дүйнөсүнө болгон кызыгууңуз качан, кантип башталган?
— Мектепте бардык сабактарды анын ичинде информатиканы дагы жакшы окугам. Бирок, программист болуу чечими телевизор көрүп отурганда жок жерден пайда болду. Жаңылыктарда Роза Отунбаева өлкөгө программистер менен инженерлер жетишпейт деп айтып жатыптыр. Программалоо дүйнөсүнө болгон менин алгачкы сапарым ушундай башталган. Андан кийин, Түркиянын Озйегин Университетинде компьютердик илим бөлүмүндө 4 жыл окудум. Университетти да жакшы бүттүм. Бөлүмүмдө алдыңкы үч студенттин бири болчумун. Стипендия алып окугандан тышкары, кошумча мугалимдердин ассистенти болуп иштечүмүн. Окуп жаткан адистигим мага абдан жакчу. Окуу учурунда уйкусуз күндөрүм көп болду. Ал учурда мен кафе, клуб жана жигит менен сүйлөшүү деген нерселерге эч убакыт бөлчү эмесмин. Ал нерселер мен үчүн кызык эмес болчу.
— Кыргызстанда жана Түркияда бир канча университетте билим алыптырсыз. Эмнеге мындай болду? Өзүңүздүн кесибиңизди көпкө издеген окшойсуз?
— Ооба, мен өз кесибимди көбүрөөк издедим. Себеби, айылда окугандыктан, профессиялар тууралуу маалыматым жок болчу. Ошондуктан, башында медик, финансист сыяктуу бир канча кесипти окуп көрдүм. Аягында, математикага жакын болгондуктан, программист кесибин тандап алдым. Мектепти бүтүргөн соң, ким болгум келээрин так билчү эмесмин.

Абдыжапарова: мен өз кесибимди көбүрөөк издедим. Медик, финансист сыяктуу бир канча кесипти окуп көрдүм.
— Сиздин азыр Фейсбук компаниясында жумушуңуз башталдыбы? Иштин шарты кандай экен?
— Жок азырынча ишим баштала элек. Буюрса виза иштери бүтсө, 1-2 айда Лондонго барган соң башталат. Азырынча Америкадагы ишим менен иштөөнү улантуудамын.
— Фейсбук компаниясында иштөө сиздин тандооңуз болдубу? Же алар сунуштадыбы?
— Былтыр Тилек мага кайсы компанияда иштегин келет дегенде Фейсбук биринчи орунда болчу. Ошондуктан бул компанияда иштөө мен үчүн тандоо болду.
— Бүгүнкү күндө деле кыздар программист боло албайт деген кептер айтылып келет эмеспи. Кыздар программист болуу үчүн ишенимди кайдан тапса болот?
— Программист болуу жеңил эмес, абдан оор да дебейм. Аракетине жараша болот. Ооба, кыздар биздин тармакта аз, мен да ошондой сөздөрдү уккам. Бирок, бул сөзгө кошулбайм. Акырындык менен кыздар бул тармакка кире баштады. Алар дагы жакшы программист боло алышат. Менин көптөгөн кыйын программист дос кыздарым бар. Бул кесип абдан ыңгайлуу, себеби каалаган жерден иштей берсе болот. Ал эми кайдан ишеним тапса болот? Бүгүнкү күндө бул тармакта жакшы иш алып барып жаткан адамдардан үлгү алса болот. Эгер башкалар иштеп жатса, демек ал деле иштей алат.

Абдыжапарова: Студенттер Facebook, Google, Amazon сыяктуу ири компаниялардын стажировкалык программаларына тапшырса болот.
— Күн санап Кыргызстанда программист болгусу келгендин саны өсүп барат. Кантип, кандай жерде билим алып алдыңкы компанияларда иштесе болот?
— Негизи чет өлкөдөгү университеттерде окуса же болбосо курстарга барса болот. Бирок, жаштарга мен чет өлкөдөн окуганга аракет кылгыла демекчимин. Ал эми башка тармакта жогорку билимдүү, бирок программист болууну каалагандар курстардан деле окуса болот. Албетте, 2-3 айлык эмес, жакшы курстар болуш керек. Эгер башка өлкөлөргө иштегиси келсе виза алыш үчүн диплом керек болушу мүмкүн. Ошондой эле бул тамрактагы адамдар менен таанышып, иш-чараларга катышып, кайсы жерге стажировка кылса болот деп изденүү керек. Студенттер Facebook, Google, Amazon сыяктуу ири компаниялардын стажировкалык программаларына тапшырса болот.
— Учурда Кыргызстанда IT ни окуткан курстар дагы көбөйдү. Курста окуп, иштеп кетүүгө кепилдик барбы?
— Эч ким кепилдик бере албайт. Дүйнөнүн эң мыкты университетин бүтүрсөң да эч ким сага кепилдик бербейт. Бир аз тырышчаак, өжөрлүү жана ар түрдүү мүмкүнчүлүктөргө ачык болуш керек. Менин оюмча эгер адам кааласа, иш табуунун жолун да табат. Мыкты окугандарды көп компаниялар өздөрү алып кетет.
— Алдыңкы 5 жылга максаттарыңыз кандай? Карьерада өзүңүздү кандай элестетесиз?
— Өзүмдүн кесиптик багытым боюнча өнүккүм келет. Мен иштей турган продукциялардын өнүгүшүнө салым кошкум келет. Мен үчүн бул дүйнөгө, айлана-чөйрөгө пайда келтирүү абдан маанилүү. Ошондуктан ушул убакыт аралыгында көптөгөн пайдалуу долбоорлорду ишке ашырам деп ишенем.
Айдана Өмүрбаева: Кыргызстандын булуң-бурчундагы кыз-келиндерди IT тармагын өздөштүрүүгө чакырам
Региондордун кесиптик лицейлеринде IT окутулат
Азамат Токтакунов: Көп IT адистери Кыргызстандан кетип жатат
Касиет Кубанычбек кызы