Фридрих Эберт фонду Кыргызстандагы жамааттык радиолордун жана жер—жерлердеги медиа борборлордун өкүлдөрүнө эки күндүк тренинг өткөрүп жатат. Тренингдин максаты аймактык кабарчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жаңы ыкмаларды колдонуп, интернет сайтка жергиликтүү маалыматтарды жайылтуу.
Семинарга Жал айылынан келген Азаматтын айтканына караганда окутуу кабарчылар үчүн абдан пайдалуу болууда. Буга чейин маалыматты сайтка компьютерден жайгаштырсак, азыр мобилдик телефондон колдонмолордун жардамы менен коюну үйрөндүк. Бул абдан ыңгайлуу.
фридрих Эберт фонду Кыргызстанда 1993-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Жарандык коомду өнүктүрүү боюнча өлкобүздө бир нече долбоорлор менен иш алып барган аталган фонд жамааттык мультимедиа борборлорунун кабарчылары үчүн да окутууларды өткөрүп келүүдө.
Даярдаган: Даир Байгазинов