14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында болгон зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объектилер жабыркаган. Анын ичинен 400 дөн ашуун турак жай жарактан чыккан.
Бул окуяга Үч-коргон жаштар борбору да кайдыгер караган жок. Ыктыярчылар демилгеси менен Үч-коргон айыл аймагына караган Калтак жана Боз айылдарына ыктыярчылар бөлүнүп атайын кутуларды жасашып акча чогултушкан.
Ыктыярчыларды жетектеген Дастан Заиров, ал Үч-коргон жаштар борборунда ыктярчы болуп кызмат кылат. Анын айтымында жабыркаган мекендештерибизге колдон келген жардамды беришке даяр экендиктерин кошумчалады.
Айыл тургундары да бир добуштан ыктыярчыларды колдоп кубатташып көңүлүнөн чыккан акчаны кутучуларга салышкан. Маалым болгондой ыктыярчылар жана айыл тургундары азбы көппү Кажы-Сай айылынын тургундарына жардам бергенге салымдарын кошушат.
Даярдаган: Атабек Арипов