Бөлмө гүлдөрүн абаны тазалоого гана эмес кооздук үчүн да өстүрүп келишет. Ал эми адамдар арасында бөлмө гүлдөрүнүн адамга тийгизген таасири тууралуу терс маалыматтар таралып келет. Мисалы, адамдарды тумчуктуруп коет, энергиясын соруп алат, жаман жаңылыктарды алып келет деген сыяктуу. Муну менен катар бөлмө гүлдөрүн өстүрүп келген адамдарда тескерисинче гүлдөн энергия алам, гүлдөгөн маалда маанайым көтөрүлөт, гүлдөр менен сүйлөшүп, бугумду чыгарам дегендер да бар.
Оттук айылынын тургуну Аида Эгембердиева көп жылдан бери бөлмө гүлдөрүнүн түрлөрүн, декоративдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, алардан ырахат аларын айтып берди.
«Мен бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө бала кезимен кызыгып келем. Гүлдөрдү өстүрүп, алардан жакшы энергия алам, эс алам, ар бир гүл менен сүйлөшөм десем жаңылышпайм. Үйдөгү гүлдөрүмө баладай мамиле кылам, күнүгө карап кам көрөм. Ар бир гүлдүн түрүнө жараша нымдуулукту талап кылат, ошондуктан баарын эле күнүгө сугара бербеш керек. Алардын да түрлөрүнө карап өстүрүп, кам көрөм. Мен көбүнчө жалбырактуу эмес, гүл ачкандарын көп отургузам. Мен көбүнчө Бальзамин гүлүн бакканды жактырам, себеби, жайы-кышы дебей туура кам көрсө гүлдөп, бөлмөгө өзүнчө бир кооздукту тартуулайт. Гүлдөр бөлмөгө кооздук эле бербестен, абаны тазалоочу каражат десек да болот. Себеби, өсүмдүк катары алар кычкылтек бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ», -дейт Аида Эгембердиева.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин биология сабагынын мугалими Азима Токтосунова бөлмө гүлдөрү кычкылтек бөлүп чыгуу менен абаны тазалап турарын айтты. Ал эми гүл сүйүүчүлөрү арасында позитивдүү маанай алуу бул адамдын өзү менен байланыштуу болоорун баса белгиледи.
Себеби, өстүргөн гүлүнө баладай мамиле кылуу менен ар бир ачкан гүлүнө сүйүнүп, өзүнө жагымдуу маанай тартуулайт. Адамдар арасында таралып келген негативдүү маалыматтар жөн гана стереотиптер экенин айтып берди. Анткени, бөлмө гүлдөрү деп баса белгиленгендиктен алар адамдарга зыянын тийгизбейт. Ал эми чындыгында уулуу өсүмдүктөр да бар, бирок аларды адистер деле бөлмө ичине өстүргөнгө тыюу салышаары баардыгына маалым экендигине токтолду.
Эң популярдуу бөлмө гүлдөрү
Декабрист гүлү деп айтылып келген гүлдүн чыгыны аты — Шлюбмергердин зигокактусу деп аталып келет. Бул гүлдүн өзгөчөлүгү кыш айларында гана гүлдөрүнүн ачылгандыгында.
Бул гүлдү акча гүлү же доллар деп да атап коюшат. Элдердин айтымына караганда бул гүлдү отургузуунун алдынча гүл челекке тыйын салып коюуну сунушташат. Мындай ыкма үйгө акча каражаттарын тартат дешет.
Каланхоэ — Crassulacea тукумунун ширелүү өсүмдүктөрүнүн бири. Бул гүл тропикалык жана Түштүк Африкада, Түштүк Азияда тропиктик аймактарында өсөт жана эки жүздөн ашуун түрү белгилүү. Каланхоэ гүлүнүн дарылык касиеттери да бар.
Кактустун мекени — чөлдөр. Кактустар кургакчыл климатка абдан ылайыкташкан. Ошондуктан сөңгөктөрү өтө ысыкта да нымды чыгарбай ширесин сактап калат. Изилдөөлөрдүн негизинде эң чоң кактустун айрымдарында 3 миң литрге чейин суу болушу мүмкүн экендиги айтылат. Кактус радиацияны өзүнө сиңирип алуу жөндөмү болгондуктан компьютерлердин жанына коюп өстүрүү сунушталат.
Герань гүлүн өстүргөн айымдар абдан көп кездешет. Герань гүлдөгөн маалда жыты буркурап, бөлмөлөрдөгү жагымсыз жыттардан арылууга жардам берет. Ал эми тамыры көбөйүп, гүл челекке батпай калган учурларда геранды эшиктин алдына отургузуп койсо, жай бою гүлдөп тура берет. Бул гүл медицинада да кеңири колдонулуп келет.
Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен ден соолукка эң пайдалуусу — хлорофитум гүлү. Бул гүл үйдөгү синтетикалык материалдардан чыккан уулуу заттарды жутуп алат. Мындан тышкары, хлорофитум гүлү бөлмөнү бактериялардан тазалоочу эң жакшы каражат катары саналат. Бир идиштеги мындай гүл бир сутканын ичинде орточо көлөмдөгү бөлмөнү бактериялардан толук бойдон тазалап коюуга жөндөмдүү.
Бегония — француз интенданты Мишель Бегондун атынан коюлган. Бегонияны бөлмө өсүмдүктөрү катары өстүрүү боюнча кеңештердин бири — аларды ачык, кыйыр жарык боло турган жана нымдуулук көп ала турган жерге жайгаштыруу. Бөлмө өсүмдүктөрү катары өскөн бегония үйүңүздү кооз гүлдөр менен жалбырактарга толтурат. Туура жерде, бегония бөлмө өсүмдүктөрү үйдүн ичинде гүлдөп өсүшү мүмкүн. Жана да бул гүлдүн ар түрдүү түстөгү гүлдөрү да кеңири таралган.
Бөлмө гүлдөрүн өстүрүүдө бөлмөнүн ичиндеги жарыктыкка, нымдуулукка көңүл буруу абзел. Бөлмө гүлдөрүнүн дайыма гүл ачып турууну себептери аларга туура кам көрүүдөн башталат.
Акылай Алмазбекова