2022-жылдын 12-январында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Курбанбек Камчыев, орун басарлары Нурлан Эшмухамед уулу, Чынара Табылдиева Кара-Суу айылынын жашоочулары менен жолугушту.
Жыйынга райондогу 19 мекеме жетекчилери да катышып айыл тургундарынын медицина, жайыт, сугат суу, электр энергиясы боюнча берген суроолоруна жооп беришти.
Алгачкы сөздү район башчысы Курбанбек Камчиев алып, райондо болуп жаткан ийгиликтер жана жетишкендиктерге, ошондой эле 2022-жылга коюлган пландарга кеңири токтолуп өттү. Ал өз сөзүндө келечекте Кочкор районунун потенциалы чоң экенин, ушул жылы район шаар статусун аларын, шаарга Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу жөнүндө пикирин айтты.
«Мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүп келе жатат, буюрса Кочкор району 3 жылда дотациядан чыгат»,- деп кошумчалады аким. Андан сырткары 6 млн.сомдук инвестиция тартылып , Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагына балык өстүрүүчү завод курулуп, 100 дөн ашык адам жумуш менен камсыз болорун айтып өттү.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы — Рысбек Батталов 2021-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
Айыл тургундары мекеме жетекчилерине медицина, жайыт, суу, трасформация, электр энергиясы боюнча көйгөйлүү суроолорун берип, тийиштүү адистерден жооп алышты.
Электр энергиясы боюнча көйгөйлүү суроолорго райондук электр тармактар ишканасынын башчысы- Канат Кадыракунов жооп берди.
Бакыт Кожокматов