Жайкы эс алуу башталганда эле айылдагы балдар шаарга, шаардагы балдар айылга келе башташат. Ал эми пандемия башталгандан бери Ача-Кайыңды айылында балдар каникулду кандай өткөрүп жатканын сурамжылап билдик.
Аталган айылдын тургуну Гүлгаакы Сыдыкова балдарын вирустан кооптонуп, шаарга жибербей айылда алып калганын айтып берди:
«Менин кичүү кызым 9-классты бүтүп жатат, андан тышкары неберелерим дагы жанымда. Буюрса жайкы каникулубуз ойдогудай жакшы өтүп жатат. Неберелеримдин ата-энеси шаарда турушат, бирок азыркы абалга байланыштуу айылга алып калдым. Биринчиден азыр шаарда абдан ысык болуп жатат. Экинчиден каникул учурунда шаардык балдар дагы үйдө отурушпай парктарга, көчөлөргө көбүрөөк чыгып башташат, көбүрөөк контакт болот дегендей.
Мына өлкөбүздө дагы деле кызыл зонага кирген аймактар болуп жатат жана кооптонууга чоң негиз бар. Пандемия боло электе каникул болгондо сөзсүз балдарым бир жака барып эс алыш керек деген түшүнүк бар болчу, ал эми азыр болсо коопсуздук үчүн үйдө калганды дагы туура көрүшөт.
Кызым болсо айылда топ уюштурулуп, волейбол ойносо, неберелериме жолдошум экөөбүз көбүрөөк кам көрөбүз. Алар сүрөт тартып, ар кандай китептерди окушуп, караокеде ырдап убакыт өткөрүшөт. Күндүз болсо эшикке алып чыгып ойнотобуз. Айылда таза аба, эшикке чыксаң эле жаратылыш койнунда болосуң.
Райондун борборунда деле көптөгөн курстар ачылган, балдарды ал жерге курстарга жиберип турса дагы болот. Менин оюмча азыркы кырдаалда эки жакка көп бара бербей, аралыкты сактап турганыбыз оң. Буюрса пандемия бүткөн кезде деле бардыгына жетишебиз.»
Ал эми 8-класстын окуучусу Айтурган Токтобаева жайкы каникулда бакчада ар кандай мөмө-жемиштерди өстүрүү менен алек. «Биз дагы жайкы каникулда көпчүлүккө аралашпаганга аракет кылып, шаарга же башка жакка барган жокпуз. Мен болсо көпчүлүк убактымды бакчадагы мөмө-жемиштерди өстүргөнгө аракет кылып жатам. Негизи пандемия учурунда туура тамактануу, витаминдүү тамактарды жеген пайдалуу экенин билдик. Андыктан биз бакчага кулпунай, карагат, дагы ар кандай жашылчаларды айдаганбыз. Таза абада бакчаны караган ден-соолугубузга дагы пайдалуу деп эсептейм»,-дейт ал.
Сүлүктүдө пандемия шартында жайкы каникул кандай уюштурулуп жатат
Асель Уркунбаева