Гендер – Аялдардын жана эркектердин социалдык жүрүм-турумун жана алардын өз ара мамилесин аныктаган коомдо маданий жактан шартталган мүнөздөмөлөрдүн комплекси. Гендер социалдашуунун белгилүү системасы, эмгектин бөлүштүрүлүшү, коомдо кабыл алынган маданий нормалар, ролдор жана стереотиптер аркылуу түзүлөт. Гендер социалдык процесстерди түшүнүүнүн куралы да болуп саналат.
Бул материалда, сиздер гендердик стереотиптерди талкалаган айымдар менен таанышасыздар.
Альбина Нурбек кызы, 10 жылдан бери видео-оператор болуп эмгектенип келет, азыркы учурда Таласта жергиликтүү телеканалда иштейт. Эмне үчүн Альбина оператордук кесипти тандап алган?
“Оператордук кесип менен сен көп жерди көрө аласың, өзүң көрбөсөң да камеранын жардамы менен көрсөң болот. Ошол себептерден ушул кесипти тандап алгам. Оператордук кесип менен сен көп элди тааный аласың. Таанып, билимиң өсөт да кыскасы».
Мырза коллегаларың сени шылдыңдап, күлгөн учурлар болду беле?
«Бир учурду айтып кетейин, съемкадан тышкары дагы акча табууга шарт болуп калат. Тойго чыгып жүрчүмүн, ал убакытта орустар эле чыкчу. Анан той тартып жүргөндө, машинадан чыгып, машинаны тарткан учурлат болот да, ошондо мырзалар таң калчу, сен оператор кызсыңбы деп. Чарчаган учурларың көп болот, чыныда эле оор жумуш. Телеканалда иштеп жүргөн учурда, каблук менен съемкага чыгасың, көбү мени журналист деп ойлочу, а мен оператор болуп жүрчүмүн”.
Ушундай, оор бирок кызыктуу кесиптин ээси Альбина Нурбек кызы менен тааныштык, кийинки кызыктуу каарманыбыз, бул- Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага-инспектору, Динара Сарногоева. Сулуу, сүйкүмдү айым, өз ишине дассыкан адис. Милиция кызматкерлери менен дайыма чуркап жүрүп сүйлөшөсүң – алардын иши ушундай эмеспи. Бул жолу да так ушундай болду, Динара айым кызмат учурда болуп, ага карабастан суроолорго жооп берди.
Айымдардын орду үйдө, коомдогу жумуш эркектер үчүн, айымдар үчүн эмес дегенге кандай карайсыз?
“Ал нерсеге көз карашым такыр эле башкача, азыркы учурдун талабына ылайык, үйдө да, эшиктеги эркек дагы аял болуп калган. Себеби дегенде, үй-бүлөнү багыш керек, акча табыш керек. Аялдын деле коомчулукка пайдасын келтире турган жумуштар көп. Мен милицияда иштегениме 10 жылдан ашты, мен эч убакта өкүнбөймүн.”
Эмне үчүн бул кесипти тандап алдыңыз?
“Тандап алганымдын себеби, менин чоң атам дагы милиция болгон. Ошол себептен болуп калса керек, байкем экөөбүз тең кичинекей кезибизден баштап, милиционер болуп ойночубуз. Бири- бирибизди кубалашып, камап ойночубуз да. Милиция кызматкери дегенде мен адилетүү, калыс, күчтүү адамды элестететчүмүн”.
Мырза милиционер коллегаларыңыздын сизге көз караштары кандай?
“Алар ар дайым, биздин жумушубузду, жүрүм -турубузду баалап турат. Анча-мынча эркектерге караганда чечкиндүү болобуз. Балдар айтып калат сен молодецсин, сен эрекесиң деп. Кээтбир кылмыштар болот, ал жерде сөзсүз аял кишинин катыштыгы керек да. Мисалы, кылмышкерди кармоодо, же бир кылмыштын бетин ачууда, ар кандай ролдогу актер болушка туура келет да”.
Биздин бир гана эжекелерибиз эмес, сиңдилерибиз дагы гендердик стереотиптер менен күрөшүүдө. Мамбеталиева Бегайым, жаа атуу менен кызыгат, Бегайым окуучу болгонуна карабастан, көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Каарманыбыз ийгиликтери менен биз менен тең бөлүштү.
“Жаа атуу мага абдан жагат, кызыкчумун. Таласта ачылат дегенде абдан кубангам. Жаа атып баштагандан кийин эле, бир жумадан өтпөй, Бишкекте боло турган машыгууга алып кеткен. Ал жактан мен биринчи орунду алып келдим. Андан соң студенттер арасында болгон машыгууда, үчүнү орунду алып коло медаль алып келдим. Февраль айында Сауд Аравиясына барып, ал жакта 21 күн жүрүп келдик. Досторум, туугандарым мага айтышты башында, ушул сага керекпи, бул айымдар үчүн болбойт го дешип, бирок жетишкендиктеримди көрүшүп, кубанып калышты. Гендердик стереотипти мен жойдум. Мырзалар кылган нерсени айымдар кыла алат”.
Гендердик стериотиптер деп – айрым адамдар, эркектер жана аялдар тууралуу эскиче ойлогон нерселер. Гендердик теңдик бул экономикалык өнүгүү. Гендердик стереотиптер экономиканын өнүгүшүүнө терс таасир тийгизет жана андагы аялдардын ролун чектейт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова