13-14- сентябрь күндөрү Бишкек шаарында төрт максаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү менен биргиликте, ЮНИСЕФ Балдар Фондунун каржылык колдоосу менен гендердик теңчилик маселелери боюнча GALS (Gender Action Learning Sistem) практикалык окутуу системасын изилдей башташты.Бул тренинге Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылындагы «Бүбүкан апа» бала бакчасынын жетекчиси Кызжибек Мамбеттоктоева катышууда.
Кызжибек Мамбеттоктоева
Бул методология Кыргызстанда мурда ийгиликтүү сыноодон өткөн жана гендердик зомбулук жана теңсиздик көйгөйлөрүнө карата мамилени, көз карашты өзгөртүүдө өзүнүн натыйжаларын көрсөткөн. Тренингдин жүрүшүндө гендердик теңчилик маселелерин балдар менен иштөөгө интеграциялоо максатында эксперттердин колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдор тобу » Балалык» окуу методикалык комплексинин сабактарын жана оюндарын, ошондой эле балдар үчүн гендердик сезимтал чыгармалардын жыйнагын түзүүнү карап чыгышты.
Тренингдин максаты мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорунун гендердик теңчиликтин негизинде алардын баалулуктарын,жүрүм-турумун калыптандырууга багытталган.
Нурзида Касымова
КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы мектепке чейинки билим берүү саясаты башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова өз сөзүндө:
«Мектепке чейинки билим берүү системасына гендердик аспектилерди комплекстүү киргизүү боюнча мындай тажрыйба биринчи жолу болуп жатат. Натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө гендердик теңчилик маселелерин андан ары илгерилетүү максатында биз жеке мамилебизди, көз карашты өзгөртүү керек»-деди.
Мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперттер Гулмира Расулова жана Бермет Асанбаева тренингдерди үч этапта өткөрөт: 13- 14- сентябрь,3-4 -ноябрь күндөрү жана акыркы тренинг 17-18- январга чейин өтөт.
Гендердик сезимтал мамилелерди изилдөө менен бирге педагогдор » Балалык» окуу-методикалык комплексинин кайра каралып чыккан конспектилерин даярдашат, ошондой эле Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн тең укуктуулугун илгерилетүү максатында бала бакчанын деңгээлинде конспектилерди апробациядан өткөрүшөт.
Нурия Карымбаева