Ак-Талаа районундагы Баетов айылына “Катар” кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен заман талабына ылайык жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилгени аз убакыт болду. Мечиттин ачылышына уюмдун мүдүрү Фирас Аль Хасавна катышып, таза суу чыгарып берүүгө убада кылган. Эртеңден баштап бул демилге ишке ашуу алдында турат.
Документтерди талкуулоодо
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев(солдо экинчи) уюмдун өкүлдөрү менен
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев:
“Бизди “Катар” кайрымдуулук уюмунун мүдүрү Фирас Аль Хасавна жана аталган фонддун долбоорлор жана программалар бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Курманбеков кабыл алды. Айыл өкмөтү тарабынан даярдалуучу бардык документтерди бир жуманын ичинде даярдап, жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Ийгиликтүү болду. Тиешелүү адистер менен кошо суу канча метр жерден чыгат, канча метрден баштап ичүүгө болот деген өңдүү маселелерди да анализдедик. Мечиттен суу чыкса ошол айлана жашаган тургундар дагы таза суу менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”.
Мындан сырткары, “Катар” кайрымдуулук уюму Баетов айылына 2млн сомдук экинчи скважина куруп берүүнү дагы убада кылганын кошумчалады А. Абдылдаев.
Барчын Мамытбекова