Ак-Талаа районундагы 1984-жылы пайдаланууга берилген Келте-Чап жөнгө салуу бассейни (БСР) акыркы жолу 2006-жылы тазаланган. Бассейндин суусу менен 197 га Баетов айылындагы бакча (огород), мындан сырткары 40га айдоо аянттары сугарылат. Ал эми сыйымдуулугу боюнча 165 миң м.куб суу батат.
Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Эркинбек Искеновдун айтымында бассейн топурак, шагылга толуп калгандыктан кургатылып, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
“Бассейн суу чарба башкармалыгынын карамагында турат. Учурда тазалоо иштерине төрт техника тартылган. Мындан сырткары бир трактор жана экскаватор жүктөп берип жатат. Бир бульдозер дагы ишке кирет. Сырттан техника жалдай албайбыз. Өздүк салым менен жасалыш керек. 1-ноябрга тазалап бүтүп калабыз. Графиктен калган жокпуз. Күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз болгон”,- деди.
Келте-Чап бассейнин тазалоо үчүн каражат мамлекеттик бюджеттен Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги аркылуу бөлүнүп жатат.
Барчын Мамытбекова