Интернет ааламында өнүктүрүүчү, билим берүүчү маалыматтардын көптүгүнө карабай 85% колдонуучу учутурумдук маалыматтарды көрөт. Бул өзгөчө жаш балдар арасында кооптуу. «Балдарды интернетте колдоо жана коргоо» деген аталыштагы онлайн-форумда адистер бул багыттагы тажрыйбалары менен бөлүшүп ата-энелерге кеңештерин сунушташты.
«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун директору Догдургүл Кендирбаева санарип дүйнөсүндө балдар үчүн ар бирибиз интернеттеги коркунучтар менен катар мүмкүнчүлүктөрүн билишибиз керек:
«Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион болсо, алар колдонгон гаджеттердин саны 9 миллион. Аларды арасында болгону 15% гана жарандар өнүктүрүүчү, билим алуучу контент көрсө, калган 85 % керексиз, утурумдук кызыкчылыктуу маалыматтарды көрөт экен»
Ал эми «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда балдарды интернетте коргоо багытында маалыматтар абдан аз экенин айтат:
«Биз Кыргызстандын аймагындагы 500 сайтка изилдөө жүргүздүк. Ошонун арасынан бир гана сайт балдардын жеке маалыматтарын интернетте коргоо тууралуу маалымат менен камсыз экен. Калган 499 сайттан андай маалымат таба алган жокпуз».
«Санарип инсан» долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева азыркы заманбап дүйнөдө балдардык гаджеттерден, түрдүү электрондук каражаттардан алыстатуу мүмкүн эмес. Аны чектөө, тыюу салуу аркылуу бул маселени чече албайбыз. Болгону балдарды коргоп туура багыт берип, интернетти эффективдүү пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн колдонушубуз керек:
“Бизде бала менен ата-эненин ортосунда интернеттин айынан пикир келишпестик же балдарын көзөмөлдөй албай калган учурлар көп кездешет.Андан сырткары Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына дагы таянсак электордук каражаттардын айынан балдардын тили кеч чыгып жатканы айтылып келет. ”
Балдарды эрте курактар өнүктүрүү боюнча адис, педагог Элиза Темирбекова,3 жашка чейинки бала дээрлик компьютер, телефонду жолотпой эле койгон туура. Бул куракта балага көбурөөк кыйымыл керек, сейилдөө, бала менен сүйлөшүү эң керек:
“Интернет, телефондун канчалык зыяны бар экенин эске албай телефонду баланы алаксытуучу бала багуучу катары колдонуп калышты. Алар муну баланын өнүгүүсү үчүн пайдалуу деп эсептешет. Бирок, чоңдордон айырмаланып 6 жашка чейинки бөбөктөрдүн кабыл алуусу башкача болот. Чоңдор маалыматты окуп, көрүп өздөштүрсөк жаш балдар аны кармап көрүп, сезип мээси өнүгүп, өрчүйт.»
Белгилей кетсек, 1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата «Балдарды интернетте колдоо жана коргоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өттү. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурду. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамаларды жасап, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Бул материалдарды дагы окуңуз:
Логопед: Бала телефон менен эмес, оюнчук менен ойношу керек
Балаңызга эл алдына чыгып сүйлөөдө кантип жардам бере аласыз?
Жолдо жүрүү эрежесин билгендей эле интернет колдонуу эрежелерин билишибиз зарыл
Айгерим Кубатбекова