Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылындагы Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды. Жаңыланган ашканага жалпы мектеп окуучулары жана мугалимдери кубанышып, ыраазычылыгын билдирүүдө.
Жаңыланган ашкана жалпы мектеп окууучуларына жана мугалимдерге кандай жеңилдик болгонун, эмнелери жаңыланган туралуу мектеп мүдүрү Динара Байгазиева мындай деди.
— Өзгөчүлүктөр биринчиден бул ашкана абдан эле тар болчу, ашкана кеңейтилди. Кеңейтилип баардык шарттар түзүлдү. Ыссык суу, муздак суу киргизилди, тамак даярдоочу өзүнчө бөлмө, муздаткыч.
— Эң негизги нан, тамак бышыруучу меш, идиш аяк койгонго атайын текче, чай кайнатканга отуз литрлик термоз, жакшы эң чоң өзгөрүүлөр болду окуучуларга дагы ашпозчуларга абдан чоң жеңилдеттүүлөр болду.
Мектеп директору кошумчалагандай, окуучуларга атайын колдорун жуучу раковиналар коюлган.
Мурунку жабдыктардын кандай кыйынчылыктар болгонун жана азыркы келген жабдыктардын жеңилдиги тууралуу бизге ашкананын ашпозчусу Айгуль Ниязбекова ой бөлүштү.
«Ушул убакка чейин бизге мындай жаңы жабдыктар келген эмес. Сууну ташып алып келчүбүз, эки нан бышыруучу меш менен нан бышырчуубуз жана эки плиткага тамак бышырчуубуз. Алар бат эле күйүп калып, көп эле кыйынчылыктар болгон», — дейт мектеп ашпозчусу.
Азыр болсо мектеп ашканасына төрт көздүү бир чоң плитка жана чоң бир нан бышыруучу меш келген. Мурун сууну эшике төгүп ыңгайсыздык жаралып жүргөн болсо, эми мектептин ичинен эле суу агып чыкчу жер орнотулган.
Өзгөртүлгөн ашкана бир гана ашпозчуларга жеңилдик кылбастан, жалпы мектеп окуучуларына оң таасирин тийгизүүдө, деп билдирди 11-классынын окуучусу Суйенова Ширин.
«Бизге өзгөртүлгөн ашкана абдан жакты. Мурдагы абалынан бир топ өзгөрдү. Ичине кирсең жарык, жылуу, таза тамактанганга өтө ыңгайлуу», — дейт Ширин.
Ден-соолук үчүн албетте тамактануу керек. Өзгөртүлгөн ашкана бүтүндөй Жанчаров мектебине чоң эле жаңылык болду. Дагы ушундай жаңылануулар көп-көп болуп туруусун ниет кылышууда мектеп окуучулары.
Даярдаган: Сүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн