Ноокат районундагы Куу-Майдан айылынын тургуну Абжапарова Чынаргүлгө өлкөнүн ар тарабынан эмдөөдөн өтүү үчүн келишет. Бул эмдөө урук уулочу болуп, ага таенесинен өткөн.
Ал 1997-жылдан бери эмдөө менен алектенип келет. Чынаргүл эженин кардарлары Бишкек, Жалал-Абад, Кыргызстандын жети дубанынан тартып келишет.
Кардарларынын оорулары ар түрдүү, көбүнчөсү массаж жасатканы, жүрөк койдурганы, көздү алчылыктан оңдоткону көп кайрылышат.
Эмдөө менен кошо массаж жасоону да алып кетет, эгерде баштан аяк массаж жасаса 300 сом болот.
Чынаргул Абжапарованын айтымында, ооруканадан айыга албай калгандар келип, анын эмдөөсүнөн кийин шыпаа тапкан.
«Бул менин тубаса кесибим, урук уулочу кесип. Кудайга шүгүр, ооруканадан айыга албагандардын көбү айыгышты. Кардарлар Бишкектен да шыпаа издеп келип жатышат», — дейт Чынаргул Абжапарова.
Уулуна шыпаа издеп келген Токтокан эже «баламдын буту ооручу, ооруканада айыктыра албадык, ушул эжеге келип уулум айыкты, азыр жүгүрүп жүрөт» дейт.
Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн