
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17 мектепке АРИС программасынын жардамы менен спорттук зал курулду. Эми окуучулар спорттук оюндарды залда өткөрүүдө.
Зал 2014-жылы курула баштаган эле. Элдин салымы жана АРИС программасынын жардамында бир жарым жыл убакыт аралыгында зал курулуп, колдонууга берилди.
Ачылыш кечеси болуп, жылкы, кой союлуп, үч боз үй тигилди.
Ачылышка АРИС жетекчилиги, Базар-Коргон районунун акими, Ооган-Талаа жана коңшу айылдын эли катышып, конок болуп кетишти.
Мектепти 1964-жылы бүтүрүп кеткен окуучу Россиядан келип катышып, белекке музыкалык жабдыктарды, ноутбук тартуулады. Окуучулар концерттик программаларды даярдап, келген конокторго тартуулашты.
Окуучулар эми дене-тарбия сабагын спорттук залда өтө баштады. Түштөн кийин волейбол үйрөтүүчү атайын сабак ачылды.
Эми мектептеги иш чаралар жана дискотека спорт залда өтмөкчү.
Залда кийим койчу жана жуунучу каналар да бар.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондон чыгарылды