
Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде музыкант Рахат Аматова 2015-жылдан бери иштеп келет. Талантуу эжеке комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада ойной алат.
«Музыкага үч жашымдан кызыга баштагам. Айылдагы шарттка байланыштуу мүмкүнчүлүк аз болчу. Мектепте талантымды өркүндөтө алган эмесмин», — дейт Аматова.
Көбүнчө ата-энесинин жардамы менен ушул деңгээлге жеткенин айтат. Ал айылдан 11-классты бүтүп эле Жалалабат шаарындагы маданият техникумуна окууга тапшырган.
«Ал жерде эки жыл алты ай окуп, өнөрүмдү өркүндөттүм десем болот. Комуз күүсү боюнча сынакта биринчи орунду ээлегем», — деп эскерди окуу жайдагы жетишкендиктерин эстеп.
Ал кесибин сүйөөрүн жана билген өнөрүн оккучуларга үйтөтүүгө ар дайым даяр экенин айтып өттү.
Рахат Аматова учурда аталган мектепте музыка сабагынан билим берип келет.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондон чыгарылды