
Айылга кар жаап, жолдор ылай, суу. Ооган-Талаанын тургуну Марат Токтобаевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн долбоор жазылып жатат.
Айылдын ичиндеги жолдор суу болуп, машиналар, жада калса адамдар жөө араң өтүп жатышат.
Ал эми жаш балдар үчүн коркунучтуу болуп калган.
Айыл тургуну Марат Токтобаевдин айтымында, бул маселени чечүү үчүн долбоор жазылып жатат.
«Бул көчөлөрдү оңдоп, шагыл төктүрөлү деп жатабыз. Бизде каражат жок болгондуктан проекти жазып жатабыз. Буйурса проектибиз өтсө, жолдорго шагыл төгүлөт», — деп билдирди ал.
Айылдын ичиндеги жолдор гана эмес чоң жолдо кар жаагандан суу болуп кетээрин окуучу Актилек айтты.
«Мектепке жеткенче бутум суу болуп калып жатат. Ал эми тротуарыбыз ылай жана эл жолго топурак, шагыл төгүп койгон. Жолдон өтө албайм», — дейт Актилек Надир уулу.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды