
Көк-Алма айылындагы мечиттин абалы начар болгондуктан жаңы мечит курулду. Жаңы мечит курулгандан бери мечитке келген жамааттын саны көбөйүүдө.
Айылдын экинчи молдосу Жолдошов Жамшитбектин айтымында, бул мечит Аравия өлкөсүндөгү Асанабил компаниясы тарабынан курулган.
«Эски мечиттин курулганына 25 жыл болду. Эски мечит курулгандан баштап мечитке каттап келе жатам. Ал жакка келүү да, жаңы мечитке келүү да ыңгайлуу себеби экөө бир жерге курулган», — дейт ал.
Жаңы мечит курулгандан баштап жамаат көбөйүп, жада калса жаш балдар да кызыгып намаз окуй башташты, дейт Жолдошов.
Мечитти куруп берген компанияга ыраазычылыгын билдирип өттү айылдын молдосу.
Авторлор: Айназик Бакыт кызы, Азиза Ибрагим кызы
Сынак үчүн
Телефондон чыгарылды