Сумбула айыл округунун Манас атындагы орто мектебинде жашылдандыруу ишембилиги өткөрүлдү. Бул ишембиликке 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышышты. Айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасынын максаты мектепти жашылдандыруу болуп эсептелинет. Ишембилик учурунда окуучулар 3000 ден ашык терек көчөтүн отургузушту, көчөттө Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар кору (ЮНИСЕФ) тарабынан берилген. Ар бир класска 250-300 теректин көчөтү берилген, жана окуучулар кубаныч менен отургузушту.
Ишембилик 3 күнгө созулду. Отургузулган теректер 20-25 жылдан кийин элдин керегине жарайт дейт мектеп окуучулары. Ишембиликти мектеп администрациясы өз көзөмөлүнө алып, ийгиликтүү жыйынтыктады.
Даярдаган: Ганиев Амантур