Токтоян- таланттуулардын айылы десек жаңылышпайбыз. Алардын бири Кадырбек Болгонбаев. Ал көптөгөн адамдардын сүрөтүн дал өзүндөй тартат.
Токтоян айылынын тургуну Кадырбек Болгонбаев жаштайынан эле сүрөтчүлүкккө жөндөмдүүлүгү артып сүрөт тарта баштаганын төмөндөгүчө баяндады:
«Менин төрөлгөн айыл Токтоян, ушул жерден мен 8 жылдык мектепти аяктагам. Мен сүрөтчүлүктү атайылап үйрөнгөн эмесмин, бул менин тубаса талантым. Окуп жүргөндө эле сүрөт тартчумун. Калем кармагандан баштап азыркыга чейин сүрөт тартам. Азыр деле заказдар түшөт, ал эми акчасы коммерческий жашыруун сыр. Ар бир адамдын акыбалына, шартына жараша мамиле кылабыз. Мен өзүмдү профессионал сүрөтчүмүн дей алам анткени, мен Ленинграддагы Репин аттуу окуу жайды бүтүргөм», — деди Кадырбек Болгонбаев.
«Ленинграддагы окуу жайга атам ээрчитип барганда кабыл алуу күн жаңыдан бүтүп, баардыгы тарап баратышыптыр. Ошондо бактым бар экен тарткан сүрөтүмдү көрүштү, ошолордун арасында кыргыздын мыкты сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморов да бар экен. Сүрөттөрүмдү карап турушту, болбойт турбайбы деп үмүтүмдү үзө бергенде сүрөтүмдү жактырышып, жабылган эшикти мен үчүн ачышып мени өткөрүшкөн. Ошол жактан мыкты билим алып, мен ошондо абдан кубангам», — деп билдирди Кадырбек мырза.
«Алдыда жакшы ой пландарым бар. Токтояндын кире бериш жагына «ТОКТОЯН» деген жазуусу бар, таштан жасалган бир жакшы нерсе орнотойун дедим эле, анткени бизден көп жакшы адамдар чыккан алар Жамиля Дүйшеева, Кусейин Карасаев», — деди Кадырбек Болгонбаев.
Мын ушундай шыктуу, жөндөмдүү чебер адамдар көп болушуна тилектешпиз.
Авторлору: Адина Осмонова, Жеңиш Таштанбеков