Насыйкат Муканбетова Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында ишкерлик кылган айымдардын катарын толуктап келет. Ал учурда “ Charlotte Tilbury” сулуулук компаниясында тренер болуп эмгектенүү менен бирге макияж жасоону үйрөтүүчү мектебин ачкан. Насыйкат Муканбетова төрт тилде эркин сүйлөйт жана төрт дипломдун ээси. Ал өз тажрыйбасында Dubai Duty Free, Mac cosmetics, Chanel, OroGold Cosmetics компанияларында эмгектенген.
Насыйкат Муканбетова Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебин аяктаган. Окууну бүтүп, борбордогу окуу жайлардын бирине тапшырган. Окуусун аяктаган соң алгачкы иш тажрыйбасы Ирандан башталып, 2007-жылдан тартып Бирииккен Араб Эмираттарында иштеп келет.
Кийинчерээк каарманыбыз британиялык “Charlotte Tilbury” компаниясында ишин уланта баштаган. Ал жактан бүгүнкү күнгө чейин визажист боюнча көптөгөн окуучуларды окутуп үйрөтүп келет. Дубайда сулуулук жаатында билими бар адистерди атайын компаниялар дагы чакырып турушат. Ал жактан моделдердин макияждарын жасап, тажрыйба алмашышат. Ошондой эле “Fashion show” көп болгондуктан, дайыма чакыруулар болот.
Насыйкат Муканбетова ишкердик кылууда кардарлар менен тил табыша билүү керектигин баса белгилейт. Анын өз тажрыйбасынан улам көп адамдар менен иштеше билүүдө психолог дагы болуу маанилүү.
“Жакшы каалоолорду аябай сыймыктануу менен алам. Ишимди аябай баалаган адамдардан эң сонун отзывдарды алам. Кардарлар жеке баракчама же компаниянын баракчасына жакшы ой-пикирлерин жазып кетип турушат. Айрым учурлар бар, кээде биринчи жолу келип эле макияж жасатып кетип, “Болду мен мындан ары сизге эле келем” деген кардарлар да болот».
Бириккен Араб Эмираттарында мигранттар үчүн абдан ыңгайлуу шарттар каралган дейт Насыйкат Муканбетова. Муну менен катар адамдарга болгон мамиле дагы башкача экенин айтат: «Эгерде адам мыйзамды бузбаса, ага эч ким келип ишин козгобойт. Дагы бир өзгөчөлүк, адамдардын урушканын көрүүгө болбойт. Мисалы, кайсы жумушта иштебе, жумуш менен камсыз кылган адам жумушчуга эч качан катуу айтпайт. Кемчилиги болуп жатса, акырын келип түшүндүрүп берет»,-дейт Насыйкат Муканбетова.
Учурдун талабына ылайык Насыйкат Муканбетова өзүнүн талантын ачканга чейин бир нече тармакта билим алган. Ал учурда төрт кесиптин ээси. Өзүнүн каалосун ишке ашырууда билим алуудан баш тарткан эмес.
“Мен төрт дипломдун ээсимин. Филологияны, бухгалтердик учетту, IT тармагында жана англис, араб тилдерин окуткан Кувейт университетин аяктагам. Мен бул адистиктер менен иштеген жокмун, бирок жашоомдо алар аябай чоң пайдасын алып келди. Мен Англияга, Америкага, Иранга барып иштегенимде тил жагынан эч бир кыйналган жокмун”.
Каарманыбыз бала кезинен тартып эле сулуулук индустриясына жакын болгон. Анын айтымында журналдардагы кыздардын сулуулугун ачууну дайыма кыялданып келчү. Муну менен катар анын кыялын ишке ашырууда ата-энесинин колдоосу абдан чоң болгонун айтат: “Атам чет өлкөлөргө дагы көп чыгып калды. Атам кетип жаткан сайын менин да ал жактарга баргым келип, мен дагы көп өлкөлөрдү кыдырсам деп кыялданчумун. Менин ушундай ийгиликтерге жеткениме ата-энемдин эмгеги зор десем жаңылышпайм. Себеби, мен кайсы тармакты тандабайын алар менин тандоомду, каалоомду колдоп турушту”.
Атактуу компанияларда эмгектенип, бир катар ийгиликтерге жеткен Насыйкат Муканбетова өсүп келе жаткан жаш өспүрүмдөргө тил үйрөнүү эң актуалдуу экенин баса белгилейт: Азыркы учурда бир гана Кыргызстанда эмес чет өлкөдө билим алып, ишкердик кылып өз мекенине салым кошкон инсандардын саны күн санап өсүүдө. Бирок чет өлкөгө чыгуу үчүн сөзсүз чет тилдерин билүү эң актуалдуу болуп келүүдө. Себеби, ал жакта иштешүүдө алардын каалоосун, оюн уга билүү, түшүнө билүү маанилүү.
Акылай Алмазбекова