Коомдук ишмер Исаманали Карабаев Турциянын Университеттеринин биринде 2018- жылдын 11-13- апрелинде өткөрүлгөн «Мамлекеттерди өнүктүрүүнүн заманбап стратегиялары» аталыштагы симпозиумда Кыргыз Республикасынын атынан катышып, доклад жасады.
Симпозумга Дүйнө боюнча бардык Түрк тилдүү мамлекеттерден мамлекеттик кызматкерлер, профессор окумуштуулар, чыгаан ишмерлер болуп жалпысынан 500 киши катышты.
Исманали Карабаевдин доклады профессор- окумуштуулардын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин кызыгуусун арттырды. Симпозиум соңунда эң мыкты доклады үчүн атайын сыйлык тапшырылды.
Исманали Карабаев Сүлүктүгө келгенден кийин симпозиум жөнүндө толук маалымат берилет.
Кабарчы: Айзада Эркинова