Ат-Башыдагы жапайы бадал өсүмдүктөрүнүн ичинен ит мурунду көп кездештирсе болот. Эл ичинде дагы, медицинада дагы бул өсүмдүктүн дарылык касиети далилденип келет. Анткени ит мурун көп ооруларга даба боло алат.
Эң биринчиден эле ал иммунитетти көтөрүүчү өсүмдүк. Ал кант, крахмал, С, В2,К, Р витаминдерге жана азоттуу заттарга бай. Ит мурудун мөмөсү тамак- ашка жана С витаминин алууда сырье катары колдонулат.

Ал эми элдик медицинада ит мурундун мөмөсү демделип, боорду, өттү, ичегилерди, бөйрөктү, табарсыкты, аз кандуулукту дарылоодо жана башкада кенири колдонулат. Аны демдеп ичсе дагы жакшы, жана мөмөсүн кургатып, компотко кошуп кайнатып ичсе болот.

Бул жапайы өсүмдүктүн сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал болот. Мөмөсү болсо майда болуп, түктүү келет. Кыргызстанда анын 22 түрү кездешет. Бадалдын жапайы жаратылыштагы орду абдан маанилүү. Себеби, тамырлары айланасындагы кыртышты бекем кармайт дагы, ар кандай селден сактап, керек болсо көчкүгө дагы туруштук бере алат. Ошондуктан ал жаратылышта ным жана суу сактагыч болуп эсептелет.
Андыктан, бул бадал өсүмдүгүн көбөйтүү менен биз жаратылышты ар кандай табигый кырсыктан алдын алган болобуз.
Асел Уркунбаева