Эркектер өздөрүнүн үй-бүлөлүк милдеттерин аткаруудан баш тартуусу зомбулуктун, же мажбурлоонун формаларынын бири катары кабыл алынат. Зомбулукка кабылган аялдардын кѳбүнчѳсү укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес. Себеби, ажырашуу же чатакташуу айыл жеринде уят иш деп эсептелип келет. Бул туурасында Барскоон айылынын тургуну үч баланын энеси, ѳз жашоосунда ѳмүрлүк жолдошунан кѳргѳн кордуктары тууралуу буларга токтоло кетти:
«Жолдошум эч жерде иштечи эмес, күндѳ ичип келип үйдѳ тынчтык болчу эмес. Бара-бара колу да тие баштады. Мен эки балалуу болгучакты чыдап келдим, аягында чыдамым келбей ажырашып да тындым. Экинчи ичпейм-жебейм деп убадасын бергенинен кайра бардым. Балдар үчүн баарына макул болот турбайсыңбы. Кайрадан иче баштады, үчүнчү балам тѳрѳлгѳндѳ кѳк ала койдой эле сабап салчу болду. Кайда бармак элең дегенсип балдар менен. Айлам жок ата-энеме барсам элдер эмне дейт, чыдап жаша барган жериңен кетпегин, келбегин деген сѳздѳр менен дагы кала бердим. Укук коргоо органдарына кайрыла алган жокмун. Себеби ал убакта ажырашуу деген айыл жеринде аябай уят болуп эсептелчү эле».
Үй-бүлөнүн алкагында бардык жаш-курактагы аялдар зомбулуктун ар кыл түрлөрүнө кабылышат, алар салттык мамилелерден улам калыптанып калган. Коргоо ордери кимдер тарабынан берилери жана кайсыл мыйзамдар тарабынан карала тургандыгы тууралуу Жети-Ѳгүз райондук Ички иштер бѳлүмүнүн Тамга айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн ага милициясы Саламат Дүйшеев тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди:
«Коргоо ордери милициянын участкалык уполномоченныйы, жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы тарабынан жана ошондой эле райондук ички иштер нѳѳмѳт бѳлүмү тарабынан бериле турган коргоо ордери болуп саналат. Коргоо ордери башкача айтканда бул үй-бүлѳдѳ болуп жаткан зордук-зомбулукту кайра кайталанбоо ирээтинде кайталанбаш үчүн алдын- алуу болуп эсептелет да. Коргоо ордерлер бериле турган беренелерди тактап айтып кетсек азыркы жаңы чыкан мыйзам боюнча 75-берене боюнча, 76-берене боюнча, 65-берене боюнча, 66-берене боюнча, 67-берене боюнча жана 119-беренелер боюнча атайын коргоо ордерлери берилет».
Эксперттердин пикиринде, аялдарды кодулоо бир гана эркектер тарабынан эмес, аялдардын бири-бирине жасаган зомбулугу менен да саны арбыйт. Ѳмүрлүк жолдошу жумушсуздуктун айынан аялынын тапканына кѳз каранды болуп, аялдардын астында басынып калбаш үчүн зордук-зомбулукка барат деген сѳзүн «Аялдарды коргоо» борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева айта кетти:
«Эркектер дагы турмушта деградация болуп баратат. Жумушу жок ошол аялынын тапканына кѳз каранды болот. Ошону үчүн аял астында басынып калбаш үчүн, үстѳмдүгүн жоготпош үчүн жанагы зордук-зомбулук кылышат. Үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо мыйзамы чыккан 2017-жылы. Коргоо ордери биринчи үч күнгѳ берилет, эгерде ошол ордерде жазылган милдеттерди аткарбаса үч суткага камалат. Ошол жерде зомбулук токтобосо, ал коргоо ордери бир айга узартылат жана зомбулук жасаган адам үй ээси болгонуна карабай, ошол үйдѳн чыгартылып салынат. Сот чечими чыкмайынча беш-алты ай болуп кетеби ошол үйгѳ кирүүгѳ акысы жок болуп калат ».
Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу айтканда, балдарга же жубайлардын бирине багытталган зомбулук түшүнүлөт, бирок зомбулук көрсөткөн адам үй-бүлөдөгү каалаган адам болушу мүмкүн. Үй-бүлѳлүк зомбулукту болтурбоонун эң ыңгайлуу жолу бул айыл тургундары менен элдик чогулуш ѳткѳрүү бир топ жыйынтыгын берет-деген сѳзүн Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башкы адис юристи Муратбек Токтогонов буларды айтып ѳттү:
«Кыргыз Республикасынын балдар тууралуу кодекси, Кыргыз Республикасынын Ички Иштер органдары жана Билим берүү жѳнүндѳ мыйзамдарынын талаптарына ылайык Барскоон айыл аймагында иштер жүргүзүлүүдѳ. Райондук администрациядан келген тескемелердин негизинде биз айыл ѳкмѳтү токтом чыгарып, ѳзүнчѳ штаб түзүп алып жакшынакай иш жүргүзүлүүдѳ. Эми бирин-экин фактылар бар, ал боюнча иш жүргүзүлүп айылдык социалдык кызматкерлер тарабынан иш жүргүзүлүп ал жерге барып аял менен эркегине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буларга насаат иштерин жүргүзүп келүүдѳбүз. Зордук-зомбулукту болтурбоо максатында эң биринчиден айыл аймагында элдик чогулуш ѳткѳргѳн бул эң жакшы маанисин берет экен».
Запкы тарткандардын көбү жакыр жашаган үй-бүлөнүн мүчѳлѳрү. Алар каржылык жактан да көз каранды абалда турушат. Зомбулуктун кесепети аларга эки эсе оор тиет.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева