Базар-Коргон районунун дыйкандары агродрондун дыйканчылыкта мааниси тууралуу маалымат алышып, практика жүзүндө алардын иштешин көрө алышты.
«Бай Дыйкан» долбоорунун алкагында Агродрон кызматын дыйкандарга маалымдоо, дегеле долбоордун максатын жайылтуу аракетинде Базар-Коргон районунда атайын семинар болуп өттү.
Семинар облустагы Өкмөттүн ыйгарым өкүлүнүн орун басары, райондун акими, акимдин орун басары, райондук айыл чарба департаментинин директору, областтагы өсүмдүктөрдү коргоо адиси, Базар — Коргон айыл өкмөтүнүн төрагасы, жакынкы айыл кеңештердин депутаттары, дыйкандардын катышуусунда болуп өттү.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ