Улуттук статистика комитетине таянсак, 2018 жылы Талас облусу боюнча 1700 үй-бүлө официалду түрдө мамлекеттик каттоодон өтсө, 500гө жакын үй-бүлө ажырашкан. Байкоочулардын айтымында, келин-менен кайнэненин келишпестигинен ар бир төртүнчү жаш үй-бүлө ажырашууга учурайт.
Бүгүнкү күндө, үй-бүлө сактоо үчүн, көптөгөн китептер, атайын курстар, психологтор менен сабактар бар, бирок бул шарттар шаар жергесинде жашаган үй-бүлөлөр үчүн. Ал эми айылда келиндер үйдөгу жылуу атмосфераны сактап калууга кандай жолдорду тандашат. Өзүнүн оюн, Бакай-ата айылынын тургуну Айыма айтты:
“Баардык нерсени өз убагында кылып, көңүлүн алуу. Эртең менен таң эрте турам, үйлөрдү жыйнап, шыпырып. Жумушка кетеердин астында тамагын дайындап, тамагын берип апамды эшике узатып, бетинен өөп жөнөтөм. Кайнэне менен келиндин ортосу чындап эле жакшы болушу керек. Үйдүн атмосферасы дагы жакшы болот. Үйдөгү адамдардын дагы маанайы жакшы болот”.
Келинге кайнененин колдоосу кажет. Жолдошу жумуштан чарчап келип, жарына көңүл бурбай да коюшу мүмкүн. Ушундай учурда, апасы келинге колдоп туруусу шарт.
Кайнене болуу ар бир аялдын колунан келет. Айкырып- бакыргандын баары– кайынэне. Ал эми, келинге апа боло билүү ар кимдин колунан келе бербейт, дейт Жыпар Исманалиева. Жыпар апанын 4 келини бар, кесиби мугалим
“Келинди алганда ак тилегиң менен, жакшы ниет менен кабыл аласың, үйгө жаңы бүлө келегенде. Ошо үйбүлөнү жакшы сактап калыш үчүн келин, кайнэне,бала үчөө бирдиктүү болушу керек. Үчөөнүн ортосунда ынтымак болушу керек, сый болушу керек” .
Кыргыз үй-бүлөөнүн турмушунда кайн атанын дагы ролу чоң. Адегенде, кайн-эне ушул уйдүн кожоюнун оюн өйдо коет. Ошондуктан көп учурда, келиндердин укугун коргоочусу болуп аталар чыгат. Темирбек Бапиев, колундагы келини кандай мамиле кылат, ошол тууралуу биз менен бөлүштү, оюн аудио сюжеттен уга аласыздар.
Кайнене менен келиндин ортосунда ынтымак бекем болгону жакшы. Келин келиндей, ошол эле учурда кайнене да өз ордун билгени оң. Сюжеттин соңунда, угармандар үчүн үлгүлүү үй-бүлөөнүн образын көрсөттүк. Үй-бүлөөдө тынчтык куруучулар бул сөзсүз айымдар, бактылуу үй-бүлөө бул ийгиликтүү мамлекет.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова