Жыл санап түрдүү тубаса кемтик, майыптыгы бар балдардын саны өсүп жатат. Бүгүн биз дени сак бала төрөлүшү үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигине токтолобуз. Бул туурасында эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Сагынбу Абдувалиева кеңири айтып берет.
Бул көйгөй биздин эле мамлекетте эмес, дүйнө жүзүндө маселе болуп жатат. Өз жашообузга, чөйрөбүзгө көңүл бурушубуз керек. Биз дайыма эненин саламаттыгын айтып эне саламатта болсо баланын дагы дени сак болот деп келчү элек. Бүгүнкү күндө атанын дагы ден-соолугу көйгөйлүү болуп жатат. Себептер өтө көп. Эң негизгиси жаңыдан түйүлдүк болуп жатканда өтө көп нерселер таасир этиши мүмкүн. Сасык тумоого көңүл буруш керек бул вирустук болгон үчүн түйүлдүккө таасири күчтүү, себеби 12 аптанын ичинде кичинекей түйүлдүктүн бардык органдары өз калыбына келерин айтат Сагынбү Абдувалиева:
“Эң биринчи себеби өзгөчө азыр пандемия шартында көңүл буруучу жагдай сасык тумоо, ошондой эле бөйрөккө, табарсыкка суук тийүү. Бул бир гана аял затына эмес эркектерге дагы көңүл буруш керек болуп калды. Аны менен катар IT технологиялар. Радиотолкундардын таасири түйүлдүккө кооптуу. Айрыкча компьютерде көп отуруп иштеген адамдарга эрежелерди сактап коргой турган каражаттарды колдонуп, саат сайын эс алып туруу зарыл. Андан дагы уюлдук телефон аны чеги менен колдонуу зарыл.”
Сагынбү Абдувалиева адамдардык саламаттыгы 25-30% гана саламаттык сактоо тармагынан көз каранды башкача айтканда коргосо болот. Ал эми 70-75% адамдын өзүнө байланыштуу анын жашоо образы таасир этерин айтат:
“Өнүккөн өлкөлөрдө көптөгөн жылдар боюу адамдар өздөрүн балалуу болгонго даярдайт. Эң биринчи алар иштеген жумушунан бийик деңгээлге жеткенге аракет кылышат. Себеби каражат жагынан эч кимге көз каранды болбой баласын өстүргөнгө. Ошондуктан үй-бүлө куруу дагы адам түшүнүп турган гана куракта болуусу керек. Ал 25-30 жашка чейин. Үй-бүлөнү пландаштыруу өтө бийик деңгээлде болуш керек.”
“Келин алгандан кийин 9айдан кийин качан төрөйт, эмнеге төрөбөй жатат деп баштайбыз. Биз андайдан кетишибиз керек. Биз ага кызыбыздай мамиле жасашыбыз зарыл. Ал дагы бир үй-булөнүн кылдаттык менен бөпөлөтүп өстүргөн кызы да. Ага көңүл буруп, колдоо зарыл. Ошондой эле эркек балдардын дагы саламаттыгына бала чагынан тарта жакшылап көңүл буруу керек.”
“Тубаса кемтик оорулар жылдан жылга көбөйүп жатат. Үй-бүлөдө өзгөрүүсү менен бала төрөлө турган болсо ата-эне айрыкча психологиялык жардамга муктаж болуп калат. Өздөрүнө суроо салып эмне үчүн биздин мындай болду деген сыяктуу. Баланы коомго алып чыкпай корунушат. Дагы бир жагдай өзгөчө бизде ушундай көз караш бар баланын энесинен көрүп, келин ушундай баланы төрөп койду деп ойлоп калабыз. Мындай бала ар бир үй-бүлөдө төрөлүп калышы мүмкүн. Андан эч ким качып кутула албайт. Ал бала күнөлүү эмес. Буга түшүнүү менен мамиле мылуубуз керек. Ага биз бардыгыбыз колдоо көрсөтүп, өзгөчө деп өзүнчө бөлүп койгонго болбойт. Коомдун ичинде болуш керек.”
Дарыгердин айтымында балдардын ара төрөлүүсү, тубаса кемтик болушу эненин ден-соолугунан, аз кандуулук, өнөкөт оорулардан же стресстен улам болушу мүмкүн. Ошондой эле дарыгерлердин ден-соолугу бала төрөгөнгө жол бербейт деп айтканын укпай түрдүү өнөкөт оорусу бар, рак менен ооругандар дагы бала төрөөнү чечкенден болуп жатканында:
“Буларды алдына ала байкаса болот мисалы суу көп же суу аз болуусу. Тубаса кемтикти көрө турган узи аппараты аркылуу дагы көрсө болот. Бирок, толук кандуу көрүүгө мүмкүн болбой жатат. Аны көрүү үчүн 3D 4D аппараттары керек. Ушул себептен көпчүлүк тубаса кемтиктер көрүлбөй калууда. Мунун башка ыкмалары дагы бар, кандан караса болот, генетиктен өтүш керек. Мындай жагдайларга кабылбоо үчүн андын ала кароодон өтүп, генетикке барган жакшы. Жогоруда айкандай алдына ала даярданып, пландоо жаман адаттар бар болгон болсо (тамеки чегүү, ичимдик ичүү сыяктуу) алардан арылуу натыйжалуу”.
Психолог: Турмуш кургандан кийин мүнөзүн оңдоп алам деген туура эмес
Ийгиликтүү баланы тарбиялоодо үй-бүлөдө эмнелерге көңүл буруу керек?
Жаштарга кеңеш: Жаш кезде буларды өздөштүрүү керек
Ата-энелер онлайн мектеби бала тарбиясы үчүн эффективдүү
Айгерим Кубатбекова